# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-октябрындагы № 2424-VII "З.К. Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-октябрындагы № 2424-VII "З.К. Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2424-VII
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15850/edition/17966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 10-октябрындагы № 2424-VII "З.К. Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө" токтому (10.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015255

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 10-октябры № 2424-VII

З.К. Базарбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20 жана 29-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Базарбеков Замирбек Курамаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Базарбеков Замирбек Курамаевичтин өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызы эске алынсын.

3. Жазуу жүзүндө берген арызына ылайык 2024-жылдын 9-октябрынан тартып кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Базарбеков Замирбек Курамаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Н.Т. Шакиев
