# Лебединовка айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 18-2 "Лебединовка айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лебединовка айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 18-2 "Лебединовка айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18-2
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78169/edition/17896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лебединовка айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 18-2 "Лебединовка айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (20.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015184

---

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 20-апрели № 18-2 Лебединовка айыл аймагындагы маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Жарнама жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн 2023 –жылдын 5-апрелиндеги № 96-б буюрмасына ылайык, Лебединовка айылдык кеӊешинин 17-кезексиз сессисы

ТОКТОМ кылат:

1. Лебединовка айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата талаптардын Эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у.А жүктөлсүн.

Лебединовка айылдык кеӊешинин төрагасы

К.Умурбаев
