# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 623-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 623-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 623-р
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19327/edition/17884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 623-т (Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси (08.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 8-октябры № 623-т

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

3. Ушул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын ТИЗМЕГИ

№

Уюмдун аталышы жана СИН

Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

"ЖалГрупп Азия" жоопкерчилиги чектелген коому 03005202210066

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

2

"Консульере Групп" жоопкерчилиги чектелген коому 00702202310036

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

3

"Мурас Глобал Азия" жоопкерчилиги чектелген коому 02710202210270

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

4

"Спутник Компани" жоопкерчилиги чектелген коому 00509202310119

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

5

"Темирбетон Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому 00901202410137

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

6

"ГСА "Ресурс Строй Компани" жоопкерчилиги чектелген коому 00404200810148

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

7

"Имара-Каган" жоопкерчилиги чектелген коому 03007200310199

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

8

"Иман-Акзам" жоопкерчилиги чектелген коому 01906200310182

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

9

Кыргыз Республикасындагы "Хай Тиэн" курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому 02904202410134

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

10

"Строй Партнер и Ко" жоопкерчилиги чектелген коому 02303202310135

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

11

"Дрим Дискавери" жоопкерчилиги чектелген коому 02402201210420

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Барса академиясын куруу жана жабдуу долбоору

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу жана жабдуу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

12

"Софтпром" жоопкерчилиги чектелген коому 00211202210059