# Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/12
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33208/edition/17792/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Катта–Талдык айылдык кеңешинин 2023–жылдын 5-октябры № 19/12 "Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015111

---

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги XIX–сессиясынын (жетинчи чакырылышы)

2023–жылдын 5-октябры № 19/12 Катта-Талдык айылдык аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффиценттеринин диференцияланган базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2001-жылдын 7-декабрындагы №104 “Айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланбагандыгы үчүн жер салыгын базалык ставкалары” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Мамлекеттик салык кызматын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын берген маалыматтарын эске алып, Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы карап, өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизген сунуштарын талкуулап, Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Катта –Талдык айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын айыл чарбасына арналбаган жерлерди экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша К3 коэффицентинин диференцияланган базалык ставкалары 2023-жылга айыл өкмөттөгү бардык айылдарда 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 50-главасынын 388-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык зоналык коэффицентти К3 базалык ставкасы 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

3.Бул токтомду аткаруу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага : К. Абдраев
