# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2348-VII
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15847/edition/17761/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 2348-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (12.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015085

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 12-сентябры № 2348-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Ханджеза Карим Лемзарович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;

2) Бекешев Дастан Далабайевич агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга киргизилсин;

3) Коргонбай уулу Жусупбек Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын;

4) Джусупов Эмилбек Рамидинович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын;

5) Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 54-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Ханджеза Карим Лемзарович жана Атазов Шайлообек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.

3. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Сарбагышев Максатбек Канатбекович "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева
