# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы N 612-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Юнайтед Конкрет Канвас" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы N 612-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Юнайтед Конкрет Канвас" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 612-р
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19324/edition/17754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы N 612-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Юнайтед Конкрет Канвас" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (07.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015077

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 7-октябры № 612-т Кыргыз Республикасынын аймагында геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Юнайтед Конкрет Канвас" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип "Юнайтед Конкрет Канвас" жоопкерчилиги чектелген коомуна геосинтетикалык цемент композиттик материалдарды өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда 5 гектардан кем эмес жер участогун берүү маселесин иштеп чыксын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
