Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 574
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында соода-логистикалык системаны түзүү жана өнүктүрүү аркылуу айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспорттук потенциалды күчөтүү жолу менен алар үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган башка юридикалык жактар:
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Begin_nocompare
2-тиркеме
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар (индикатор)
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо
1
2
3
4
5
6
7
1-артыкчылык. Эл аралык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу тышкы рыноктордо ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу
1
Эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берүүчү соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Республиканын түндүгүндө жана түштүгүндө ири, заманбап эл аралык соода-логистикалык борборлорду куруу
2026-жылга чейин
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында 40,0 га аянтта соода-логистикалык борбордун курулушу аяктады, сактоо көлөмү 3000,0 тонна, 200 жумуш орду түзүлдү
САЧКӨМ,ЭКМ, УИА, ЖМА, ЖӨБО
300,0 млн. сом суммасында эл аралык уюмдардын каражаттары
2026-жылга чейин
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагында 20,0 га аянтта соода-логистикалык борбордун курулушу аяктады, жашылча-жемиш продукциясын сактоо көлөмү 7000,0 тонна, 1000ге чейин жаңы жумуш орундары түзүлдү
240,0 млн. сом суммасында жеке компаниялардын инвестициялык каражаттары
Токтоп турган тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларын соода-логистикалык борборлор жана сактоочу жайлар катары калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана модернизациялоо
2024-жылдын 31-декабрына чейин (1 бирдик); 2025-жылдын 31-декабрына чейин (2 бирдик); 2026-жылдын 31-декабрына чейин (2 бирдик); 2027-жылдын 31-декабрына чейин (2 бирдик); 2028-жылдын 31-декабрына чейин (1 бирдик)
Токтоп турган тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын 8 ишканасы 400,0 млн. сом суммасында соода-логистикалык борборлор жана сактоочу жайлар катары калыбына келтирилди, реконструкцияланды жана модернизацияланды
САЧКӨМ, ИУА, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча)
Эл аралык уюмдардын, жеке инвесторлордун каражаттары
Соода-логистикалык системасынын заманбап инфраструктурасын түзүү үчүн түз инвестицияларды тартуу
2024-2028-жылдардын ичинде
"Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын түз инвестициялары тартылды, жашылча-жемиш продукцияларын сактоо жана сатуу боюнча 40 ишкананы өнүктүрүү үчүн логистикалык жабдуулар сатып алынды, соода-логистикалык системасынын заманбап инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү
САЧКӨМ, ЭКМ, УИА, ЖМА
Азия өнүктүрүү банкынын каражаттары 36,0 млн. АКШ доллары суммасында
Айыл чарба продукциясын тышкы рынокторго экспорттук жеткирүүнү уюштуруу
2024-2028-жылдардын ичинде
Соода-логистикалык борборлордун айыл чарба продукцияларын экспорттук жеткирүүлөр 41,1 млн. сом суммасында жүзөгө ашырылды, экспорттук жеткирүүлөр 2023-жылга салыштырмалуу 30%га көбөйдү, өлкөнүн экспортунда айыл чарба продукциясын экспорттоонун үлүшү 11,0%га көбөйдү
САЧКӨМ, ЭКМ
Соода-логистикалык борборлордун каражаттары
2
Соода-логистикалык системасынын катышуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу
Логистика чөйрөсүндө менеджмент жана бизнес жүргүзүү маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды, окууларды, тренингдерди жана консультацияларды уюштуруу
2024-2028-жылдардын ичинде
Соода-логистикалык системасынын катышуучулары логистика чөйрөсүндө менеджмент жүргүзүү боюнча билимге ээ болушту
САЧКӨМ, ЭКМ, БИМ. КУАУ, КМТУ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
Соода-логистикалык системасынын катышуучуларынын билимин жана маалымдуулугун жогорулатуу үчүн логистика чөйрөсүндө кадрларды даярдоо боюнча чараларды өткөрүү
2024-2028-жылдардын ичинде
Соода-логистикалык борборлордун кадрлары логистика чөйрөсүндө иш жүргүзүү боюнча билим алышты
САЧКӨМ, ЭКМ, БИМ, КУАУ, КМТУ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
2-артыкчылык. Региондук соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияны сатууда жагымдуу шарттарды түзүү
3
Региондун адистешүүсүн эске алуу менен соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн жана сактоочу жайларды түзүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын, логистикалык системалардын ресурстарын жана объекттерин рационалдуу жайгаштырууну эске алуу менен региондорду адистештирүү боюнча региондук программаларды иштеп чыгуу
2024-жылдын 31-декабрына чейин
Айыл чарба өндүрүшүн, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, логистикалык системасын адистештирүү боюнча региондук программа иштелип чыкты. Соода-логистикалык борборлорду жайгаштыруу картасы түзүлдү
САЧКӨМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча региондук программаларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу
2024-жылдын 31-декабрына чейин
Соода-логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча региондук программалар иштелип чыкты. Региондордо логистиканы өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү
САЧКӨМ. КРПОЫУӨ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
4
Бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү
Кластердик бирикмелерди уюштуруу үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты уюштуруу
Дайыма
Айылдык товар өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосунда кызматташтык түзүлдү. Соода-логистикалык борборлордун катышуусу менен 10 кластердик бирикме түзүлдү
САЧКӨМ, ЭКМ, СӨЖП (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
Келишимдик милдеттенмелердин негизинде "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу жана "Коммерциялык банк - соода-логистикалык борбор - айыл чарба субъекти" принциби боюнча акырындык менен айыл чарба субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө
Дайыма
Соода-логистикалык борборлор аркылуу кластердик бирикмелердин катышуучуларына 1500,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредит берүү ишке ашырылды
САЧКӨМ, ЭКМ, ФМ, "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча)
Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун каражаттарынын чегинде
5
Соода-логистикалык борборлорду, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды куруу үчүн жер участокторун аныктоо, которуу (трансформациялоо), бөлүп берүү
Соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо)
Дайыма
Соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн 76,3 га жер тилкеси которулду (трансформацияланды)
САЧКӨМ, ЖМА. Жер агенттиги. ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
Соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү
Дайыма
Соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн 103,3 га жер бөлүндү
Жер агенттиги, САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
6
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө республиканын аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо жана жеткирүү, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокторго сатуу боюнча кызматтардын толук спектрин камсыз кылуучу тиешелүү кубаттуулуктагы жана көлөмдөгү соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды этап-этабы менен куруу
Аймактардын адистешүүсүнө ылайык аймактарда соода-логистикалык борборлордун объекттерин жана сактоочу жайларды куруу
Дайыма
Аймактарда соода-логистикалык борборлордун 20 объектиси курулуп, пайдаланууга берилди
САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Эл аралык уюмдардын, жеке жана юридикалык жактардын каражаттары
Республиканын ички агроазык-түлүк рынокторуна айыл чарба продукцияларын сатууну уюштуруу
Дайыма
Ички рынокто айыл чарба продукциясын сатуу 15,0 млн. сомду түздү жана 2023-жылга салыштырмалуу 5,0%га көбөйдү
САЧКӨМ, ЭКМ
Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
7
Кошумча жумуш орундарын түзүү
Соода-логистикалык борборлордо жаңы жумуш орундарын түзүү
Дайыма
Түзүлгөн 20 соода-логистикалык борбордо 597 жаңы жумуш орду түзүлдү
САЧКӨМ, ЭКМ, ЭСКМ
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун каражаттарынын чегинде
Соода-логистикалык борборлордун катышуучуларын шыктандыруу
Дайыма
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун багыты боюнча соода-логистикалык борборлордун катышуучуларына дем берүү жүргүзүлдү
Кыскартуулардын тизмеси:
Жер агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик
КУАУ
-
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
КМТУ
-
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрация
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
УИА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
ААК
-
ачык акционердик коому
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү
СӨЖП
-
Соода-өнөр жай палатасы
3-тиркеме
2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык жыл 2023
Индикаторлор
Акыркы индикаторлор/максаттуу көрсөткүчтөр
Жооптуу орган
2024
2025
2026
2027
2028
1-артыкчылык. Эл аралык соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу тышкы рыноктордо ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу
1
Эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берүүчү соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү
2 соода-логистикалык борбордун курулушу аяктады жана эксплуатациялоого берилди
Бирдик
-
-
-
2
-
-
2
САЧКӨМ, ЭКМ, ИУА, ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Соода-логистикалык борборлор үчүн токтоп турган 8 тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканасы, сактоочу жай калыбына келтирилди, реконструкцияланды жана модернизацияланды
Бирдик
-
1
2
2
2
1
8
САЧКӨМ, ЭКМ, ИУА, ЖМА,ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Соода-логистикалык системасынын заманбап инфраструктурасын түзүү үчүн түз инвестициялары тартылды
млн. сом
4,0
4,0
4,0
4,0
4,0
20,0 млн. АКШ доллары (1780,0 млн. сом)
САЧКӨМ, ИУА, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча)
Айыл чарба продукциясын экспорттук жеткирүү 30,0%га көбөйдү, өлкөнүн экспортунда айыл чарба продукциясын экспорттоонун үлүшү 11,0%га жогорулады
%
5,0
5,5
6,0
6,5
7,0
30%
САЧКӨМ, ЭКМ
2,0
2,1
2,1
2,2
2,6
11,0%
1.1
Соода-логистикалык системасынын катышуучуларынын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу
Соода-логистикалык борборлордун кадрлары логистика чөйрөсүндө иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон билимдерди алды
Адам
20
25
30
35
40
150
САЧКӨМ, ЭКМ, БИМ, КУАУ, КМТУ (макулдашуу боюнча)
2-артыкчылык. Региондук соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө продукцияны сатууда жагымдуу шарттарды түзүү
2.1
Региондук адистешүүсүн эске алуу менен соода-логистикалык борборлорду жана сактоочу жайларды өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн региондук программалары иштелип чыкты
Бирдик
-
7
7
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ
2.2
Бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү
Соода-логистикалык борборлордун катышуусу менен 10 кластердик бирикме түзүлдү
Бирдик
1
2
2
2
3
10
САЧКӨМ
Соода логистикалык борборлорунун катышуусу менен кластердик бирикмелер аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилди
млн. сом
150
300
300
300
450
1500,
САЧКӨМ, "Айыл Банк" ААК, "Элдик банк" ААК (макулдашуу боюнча)
2.3
Соода-логистикалык борборлорду, айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды куруу үчүн жер участокторун аныктоо, бөлүп берүү, которуу (трансформациялоо), бөлүү
Соода-логистикалык борборлорду куруу үчүн 76,3 га жер участогу которулду (трансформацияланды)
Гектар
10
12
15
20
19,3
76,3
ЖӨБО, Жер агенттиги, САЧКӨМ
Соода-логистикалык борборлордун объекттерин куруу үчүн 103.3 га жер бөлүп берилди
Гектар
15
20
20
25
23,3
103.3
ЖӨБО, Жер агенттиги, САЧКӨМ
2.4
Республиканын ар бир районунда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо жана жеткирүү, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокторго сатуу боюнча кызматтардын толук спектрин көрсөтүү үчүн тиешелүү кубаттуулуктагы жана көлөмдөгү соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды этап-этабы менен куруу
Региондордо 20 соода-логистикалык борбор объекти курулду жана эксплуатациялоого берилди
Бирдик
3
3
4
5
5
20
САЧКӨМ, КРП ЫУӨ
41,1 млн. сом суммасында айыл чарба продукцияларын экспорттоо, көлөмү 30%га көбөйдү, өлкөнүн экспортунда айыл чарба продукциясын экспорттоонун үлүшү 11,0%ды түздү
млн. сом %
7,0
5
8,0
6
8,0
6
9,0
6
9,1
7
41,1
30
САЧКӨМ
%
2,0
2,0
2,0
2,5
2,5
11
2.5
Кошумча жумуш орундарын түзүү
Түзүлгөн 20 соода-логистикалык борбордо 597 жаңы жумуш орду түзүлдү
55
65
75
85
95
105
САЧКӨМ, ЭСКММ, ЭКМ
Кыскартуулардын тизмеси:
Жер агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр. геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик
КУАУ
-
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
КМТУ
-
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрация
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ИУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
ААК
-
ачык акционердик коому
ЖӨБ
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү
СӨЖП
-
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы
4-тиркеме
2024-2028-жылдарга 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасынын БЮДЖЕТИ
№
Чаралар
Өлчөө бирдиги
Каржылоо зарылдыгы
Мүмкүнчүлүктөр
Финансылык ажырым
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
РБ
МИП
Башкалар
Бардыгы
1-милдет. Эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берүүчү соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү
1.1
Республиканын түндүгүндө жана түштүгүндө ири, заманбап эл аралык соода-логистикалык борборлорду куруу
млн. сом
-
540,0
-
540,0
-
240,0
-
240,0
-
300,0
-
300,0
1.2
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын токтоп турган ишканаларын, сактоочу жайларды соода-логистикалык борборлор үчүн реабилитациялоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо
млн. сом
-
-
400,0
400,0
-
-
-
-
-
-
400,0
400,0
1.3
Соода-логистикалык системанын заманбап инфратүзүмүн түзүү үчүн түз инвестициялык каражаттарды тартуу
млн. сом
-
1780,0
-
1780,0
-
1780,0
-
1780,0
-
-
-
-
2-милдет. Бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр менен соода-логистикалык борборлордун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү
2.1
Келишимдик милдеттенмелердин негизинде "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу жана "Коммерциялык банк - соода-логистикалык борбор - айыл чарба субъекти" принциби боюнча акырындык менен айыл чарба субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө
млн. сом
-
-
1500,0
1500,0
-
-
1500,0
1500,0
-
-
-
-
3-милдет. Республиканын ар бир районунда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сактоо жана жеткирүү, айыл чарба продукциясын ички жана тышкы рынокторго сатуу боюнча кызматтардын толук спектрин камсыз кылуучу тиешелүү кубаттуулуктагы жана көлөмдөгү соода-логистикалык борборлорду, сактоочу жайларды этап-этабы менен куруу
3.1
Аймактардын адистешүүсүнө ылайык ар бир райондо соода-логистикалык борборлордун объекттерин жана сактоочу жайларды курууну жүзөгө ашыруу
млн. сом
-
8113,2
8113,2
-
-
7166,9
7166,9
-
-
946,3
Бардыгы Программа боюнча:
млн. сом
-
2320,0
10013,2
12333,2
-
2020,0
8666,9
10686,9
-
300,0
400,0
1646,3
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 458 токтомуна)Приложение · 03.07.2026 · № 458
- 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер…Программа · 13.09.2024 · № 574
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122