# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майы № 257 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майы № 257 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 257
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33176/edition/17720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майы № 257 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (19.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015053

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 19-майы № 257

Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө

"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери, 1-тиркемеге ылайык;

- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын пайдалануу жана автоматташкан маалыматтык борборду түзүү, иштетүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу системасындагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 25-августундагы N 67 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
