# Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 021-жылдын 5-февралындагы № 01-5/17 "Муниципалдык ишкананын натыйжалуу иш-аракети жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 021-жылдын 5-февралындагы № 01-5/17 "Муниципалдык ишкананын натыйжалуу иш-аракети жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/17
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78152/edition/17681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 021-жылдын 5-февралындагы № 01-5/17 "Муниципалдык ишкананын натыйжалуу иш-аракети жөнүндө" токтому (05.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015020

---

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 5-февралы № 01-5/17

Муниципалдык ишкананын натыйжалуу иш-аракети жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 28.03.2018-жылдагы №166/51-6 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу жөнүндөгү мамлекеттик программасы боюнча Военно-Антоновка айылдык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык ишкананын накталай эмес төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында Военно-Антоновка айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Военно-Антоновка айылдык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык ишкананын бардык иш алып баруулары накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча иш жүргүзүүсү бекитилсин.

2. Военно-Антоновка айылынын жеке жана юридикалык жактары менен кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү боюнча (таштанды, суу түтүгү, канализация ж.б.) 2021-жылдын 1-майына чейин келишим түзүлүп, 2021-жылдын 1-июнга чейин өздүк эсептери ачылсын.

3. Муниципалдык мекеменин башчысына (Ж.А.Бузурманкулов) токтом боюнча иш алып баруу мидеттендирилсин.

4. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы (Р.Т.Садыков) ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.

Төрага

Мураталиев У.М.
