# Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 27/VII "Таштандыларды чыгарууга жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерде сактоого тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 27/VII "Таштандыларды чыгарууга жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерде сактоого тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/VII
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33163/edition/17675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 27/VII "Таштандыларды чыгарууга жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерде сактоого тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому (17.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015014

---

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 17-ноябры № 27/VII Таштандыларды чыгарууга жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерде сактоого тыюу салуу жѳнүндѳ

Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн жер маселеси боюнча жетектѳѳ адис Б.Б.Осмоналиевдин «Таштандыларды чыгарууга жана катуу тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерде сактоого тыюу салуу жѳнүндѳ» маалыматын карап чыгып, Красная Речка айылдык кенешинин депутаттары белгилешти Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябырындагы №598-р буйругуна ылайык экологиялык көйгөйдү чечүү, экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыз кылуу, тиричилик калдыктарынын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна зыяндуу таасирин алдын алуу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,

токтом кылат:

1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында таштандыларды, катуу тиричилик калдыктарын таштоого жана курулуш материалдарын белгиленбеген жерлерге сактоого тыюу салынсын.

2. Бул токтомду аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 115-беренесине ылайык административдик протокол түзүлүлсүн.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Красная Речка айыл ѳкмѳтунун жер маселеси боюнча жетектѳѳчү адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары Е.С.Попуца
