# Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 28/VII "Соода объектилеринин тегерегин кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин белгилѳѳ жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 28/VII "Соода объектилеринин тегерегин кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин белгилѳѳ жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/VII
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33162/edition/17673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 28/VII "Соода объектилеринин тегерегин кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин белгилѳѳ жѳнүндѳ" токтому (17.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015013

---

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 17-ноябры № 28/VII Соода объектилеринин тегерегин кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин белгилѳѳ жѳнүндѳ

Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн жер маселеси боюнча жетектѳѳчү адис Б.Б.Осмоналиевдин «Соода объектилеринин тегерегин кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү максатында 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин белгилѳѳ жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап Красная Речка айылдык кенешинин депутаттары белгилешти Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябырындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзү боюнча иш аракеттер планы жѳнүндѳ» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-тескемесин аткаруу үчүн, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, санитардык абалды жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, жашыл дарактардын аянтын көбөйтүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,

токтом кылат:

1. Красная Речка айыл аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында айыл аймакта жайгашкан соода объектилери, менчигинин түрүнө карабастан 10 метр радиус аралыкта жайгашкан жерлердин чегин жашылдандыруу иштерин жүргүзүшсүн.

2. Бардык соода объектилеринин ээлери бул токтомду аткарууга милдетүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыны аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынсын.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Красная Речка айыл ѳкмѳтунун жер маселеси боюнча жетектѳѳчү адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары Е.С.Попуца
