# Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 29/VII "Красная Речка айыл аймагынын жараны болуп саналбаган жарандардын сѳѳгүн коюуга тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 29/VII "Красная Речка айыл аймагынын жараны болуп саналбаган жарандардын сѳѳгүн коюуга тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29/VII
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230015011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33161/edition/17669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230015011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красная речка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-ноябры № 29/VII "Красная Речка айыл аймагынын жараны болуп саналбаган жарандардын сѳѳгүн коюуга тыюу салуу жѳнүндѳ" токтому (17.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230015011

---

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 17-ноябры № 29/VII Красная Речка айыл аймагынын жараны болуп саналбаган жарандардын сѳѳгүн коюуга тыюу салуу жѳнүндѳ

Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын Б.Р.Джекшембаевдин «Красная Речка айыл аймагынын жараны болуп саналбаган жарандардын сѳѳгүн коюуга тыюу салуу жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап Красная Речка айылдык кенешинин депутаттары белгилешти, «Сѳѳк коюу жана сѳѳ коюу иши жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде кѳрүстѳндѳр жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын түздѳн-түзкарамагында, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренелерине 8-пунктуна ылайык көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдетине кирет. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,

токтом кылат:

1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында каттоосу жок жана тиешелүү административдик аймактын жараны болуп саналбаган адамдардын сѳѳгүн коюуга тыюу салынсын.

2. Красная Речка айыл аймагында жайгашкан дин уюмдарын жогорудагы Красная Речка айылдык кенешинин токтому менен тааныштырылсын.

3. Красноречка айыл өкмөтү:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Красная Речка айыл ѳкмѳтунун жер маселеси боюнча жетектѳѳчү адис Б.Б.Осмоналиевге жүктөлсүн.

6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орунбасары Е.С.Попуца
