# Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы № 4 "2021-жылга жергиликтүү бюджеттен жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы № 4 "2021-жылга жергиликтүү бюджеттен жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78143/edition/17626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5-февралындагы № 4 "2021-жылга жергиликтүү бюджеттен жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтому (05.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014978

---

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 5-февралы № 4

2021-жылга жергиликтүү бюджеттен жөлөкпул төлөө жөнүндө

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу боюнча материалдык жактан колдоо максатында, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу учун, Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жыл №75 мыйзамына ылайык "Мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 31-беренеси (6-7пункт,10-пункт) "муниципалдык кызматкерлерге материалдык түрткү" негизинде Военно-Антоновка айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кенештин жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен жөлөкпул үчүн жылдык эсеби менен 70111 бөлүмүндө ст.2111 1440 мин сом, 2121 248,4 мин сом. каражаты бөлүнүп берилсин.

2. КЭБ башчысы (А.Тольбашиевага) бөлүнгөн каражаттарды өз убагында төлөөнү камсыз кылсын.

Төрага

Мураталиев У.М.
