# 1-берене

- Документ: [Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230014956)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлунун № 135 "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014956/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5411/edition/17595/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014956/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (22.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014956/st-1

---

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

"Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.";

2) 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Дене тарбия-спорт боюнча жаңы инфратүзүмдү (спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди) курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014956/st-2)
