Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Зомбулукту, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн медициналык документтештирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 562 токтомуна)
Зомбулукту, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн медициналык документтештирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер зомбулукту, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн (мындан ары - зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле) өз убагында жана натыйжалуу медициналык документтештирүү максатында медициналык кароону, соттук экспертизаларды жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин божомолдонгон учурларын аныктоодо, каттоодо жана маалымдоодо менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени документтештирүүдө негизги принциптер (мамилелер) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адам укуктарын урматтоо, коргоо жана сактоо;
2) жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайлардан көз карандысыз пациентке жана экспертизадан өтүүчү адамга адилеттүү, басмырлоосуз жана шектенүүсүз мамилени камсыз кылуу;
3) пациенттин жана экспертизадан өтүүчү адамдын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу, зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени документтештирүүнүн натыйжасында куугунтукка же зомбулукка, кайрадан виктимизацияга дуушар болуу тобокелдиктерин жоюу;
4) баланын кызыкчылыктарын эң жакшы камсыз кылуу;
5) медициналык кызматкердин коопсуздугун камсыз кылуу жана зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени документтештирүү боюнча кесиптик милдеттерин аткарууга байланыштуу куугунтукка же зомбулукка кабылуу тобокелдиктерин жоюу;
6) зомбулукту, кыйноолорду же ырайымсыз мамилени башынан өткөргөн адамдын, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн документтештирүүнүн максаты жана мазмуну жөнүндө, укуктары жана коргоо чаралары, консультациялык-укуктук жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдуулугу;
7) медициналык кызматкердин пациенттин жана экспертизадан өтүүчү адамдын өз алдынча чечимин урматтоосу жана кароо же ар кандай жол-жоболорду жүргүзгөнгө чейин андан ыктыярдуу жана аң-сезимдүү макулдук алуусу;
8) пациент жана экспертизадан өтүүчү адам тарабынан берилүүчү маалыматтын купуялуулугу. Купуялуулукту сактоо абсолюттук болуп саналбайт жана врачтык этикага зыян келтирбестен, пациентке жана экспертизадан өтүүчү адамга же башка адамдарга зыян келтирилиши мүмкүн болгон өзгөчө учурларда, ошондой эле балдардын жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоодо бузулушу мүмкүн;
9) зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени башынан өткөргөн адамдын муктаждыктарынын артыкчылыктуулугу, анын каалоолоруна баа берүү, укуктарын жана кадыр-баркын сактоо. Медициналык кызматкер зомбулукту, кыйноолорду же ырайымсыз мамилени башынан өткөргөн адамга тобокелдиктерди жана анын аялуулугун эске алуу менен чечим кабыл алууда колдоо көрсөтүшү керек.
3. Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
1) ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиле жана жаза - адамды инсан катары кемсинткен же анда коркуу, өзүн кем саноо сезимин пайда кылган, ошол адамдын адеп-ахлактык же физикалык каршылыгын сындыра турган жана ошол эле учурда жетишерлик күчтүү физикалык же адеп-ахлактык азап чегүүнү пайда кылган мамиле жана жаза;
2) кыйноо - кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна алдыруу максатында физикалык же психикалык азап чектирүү, ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо же ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоого аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан же болбосо анын тукуруусу боюнча анын жетегинде же үнсүз макулдугу менен жасалган жосун.
2-глава. Зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо боюнча кайрылууда (келип түшкөндө) медициналык кароо
§ 1. Медициналык кароо жүргүзүү үчүн негиздемелер
4. Зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле боюнча саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда (келип түшкөндө) адамдарды медициналык кароо (мындан ары - медициналык кароо) зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин медициналык кесепеттерин өз убагында табуу, аныктоо жана документтештирүү максатында жүргүзүлөт.
5. Медициналык кароону ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары - саламаттык сактоо уюму) медициналык кызматкерлери жүргүзөт.
6. Медициналык кароо жүргүзүүгө байланыштуу медицина кызматкеринин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пациентке медициналык кароонун максаттары жана милдеттери, жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн көлөмү, зарыл болгон даярдоо иш-чаралары жөнүндө маалымдоо;
2) пациенттин аң-сезимдүү макулдугу менен анын медициналык кароосун кечиктирбестен өткөрүү;
3) пациенттин оорусунун диагнозун аныктоо;
4) пациентке зарыл болгон учурда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана зарыл дарылоону дайындоо;
5) медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда кошумча диагностикалык изилдөөлөргө же адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн жиберүү;
6) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо боюнча медициналык кароонун формасын (мындан ары - медициналык кароонун формасы) өз убагында, туура жана толук толтуруу;
7) башка эсепке алуу жана отчеттук медициналык документтерди тариздөө (жүргүзүү);
8) пациентке медициналык кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо;
9) зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоонун катталган учуру жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү же укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга токтоосуз маалымдоо, андан кийин ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү;
10) пациентке зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасалганы жөнүндө арыз менен укук коргоо органдарына кайрылуу укугу жөнүндө, бул органдардын юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары жөнүндө маалымдоо;
11) пациентке соттук медициналык, психиатриялык, психологиялык экспертизаларды, ал эми кыйноолор болгон учурда милдеттүү комплекстүү соттук экспертизаларды, анын ичинде мамлекеттик эмес эксперттер жана мамлекеттик эмес эксперттик уюмдардын эксперттери тарабынан жүргүзүү укугу жөнүндө маалымдоо.
7. Медициналык кароо пациенттен суроо жана керектүү диагностикалык изилдөөлөр аркылуу пациенттин физикалык жана психикалык абалын баалоодон турат.
8. Медициналык кароо ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
9. Медициналык кароо бардык төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө жүргүзүлөт:
1) зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоого даттануу менен пациенттин кайрылуусунда (келип түшүүсүндө);
2) адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына киргизүүдө, аларды башка эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына которууда;
3) адам эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында, укук коргоо органдарынын карамагында болгон же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен коштолгон окуяларга катышкан учурда ден соолугуна зыян келтирилсе.
10. Эгерде пациент ден соолугуна зомбулук мүнөзүндөгү зыян келтирилгени жөнүндө билдирбесе, саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери денеге келтирилген зыяндын жана абалдын этиологиясын жана патогенезин аныктоонун негизинде адамдын түшүндүрмөлөрү ден соолукка келтирилген зыяндын пайда болуу механизмине канчалык туура келерине баа берет жана ден соолукка зыян зомбулуктун натыйжасында келтирилди деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар экендиги жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык медициналык кароо жүргүзүү милдети келип чыгары жөнүндө чечим кабыл алат.
§ 2. Медициналык кароо жүргүзүү тартиби
11. Медициналык кароону баштоонун алдында медициналык кызматкер пациенттин өздүгүн аныктаган документтер менен таанышуу жолу менен анын ким экендигин ырастайт. Пациенттин өздүгүн күбөлөндүргөн документтеринин жоктугу медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартууга негиз болууга тийиш эмес. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтери жок болгон учурда жеке маалыматтар медициналык кароо формасына пациенттин сөзү боюнча киргизилет, бул жөнүндө белгиленет.
12. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтери жок жана аң-сезимсиз абалда турган пациент жөнүндө идентификациялоочу маалыматтарды алуу мүмкүн болбогондо, анын келип түшүүсү жынысын, расалык таандыктыгын, болжолдуу жашын жана пациенттин тышкы (өзгөчө) белгилерин сүрөттөө менен катталат.
13. Чоңдордун коштоосу жок алып келинген баланы медициналык кароодо жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн же баланын тааныш чөйрөсүндөгү ал ишеним билдирген чоң кишинин катышуусун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо, медициналык кызматкер өз алдынча кароо жүргүзөт жана бул чектөөлөр жөнүндө медициналык кароонун формасынын тиешелүү бөлүмүндө көрсөтөт. Мыйзамдуу өкүлү же камкорчусу жок аракетке жөндөмсүз адам медициналык кароого келип түшкөндө медициналык кызматкер ошол эле аракеттерди ишке ашырат.
14. Медициналык кызматкер пациентке жеткиликтүү формада жана ага түшүнүктүү тилде төмөнкү маалыматтарды берет:
1) медициналык кароонун максаты жана мүнөзү, медициналык жардам көрсөтүүнүн этаптары, жол-жоболору жана шарттары;
2) потенциалдуу тобокелдиктер (мисалы, укук коргоо органдарына маалыматты берүү зарылдыгына байланыштуу купуялуулукту чектөө) жана пайдалар (мисалы, объективдүү иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жазалоо, реабилитация, компенсация ж.б.);
3) медициналык кызматкердин зомбулуктан, кыйноолордон жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан пациенттин келип түшкөндүгү жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүү милдеттенмеси;
4) денедеги жаракаттарды белгилөө үчүн фотосүрөткө тартуу;
5) медициналык кароонун жүрүшүндө чогултулган маалыматты пайдалануу жана сактоо тартиби;
6) укукка каршы жосун жөнүндө маалыматты укук коргоо органдарына берүү тартиби.
15. Медициналык кароо пациенттин маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо жүргүзүлөт, медициналык кароонун формасынын тиешелүү графасында анын колу менен күбөлөндүрүлөт.
16. Пациенттин абалы эркин билдирүүгө мүмкүндүк бербеген учурларда, медициналык кароо жана кийлигишүү пациенттин өмүрүнө коркунучту жоюу үчүн шашылыш көрсөтмө боюнча зарыл болсо, ал эми мыйзамдуу өкүлү же камкорчусу жок болсо, медициналык кароо пациенттин макулдугусуз жүргүзүлөт.
17. Эгерде медициналык кызматкер пациенттин денесиндеги жаракаттарды байкаса, бирок пациент медициналык кароо жүргүзүүдөн баш тартса, медициналык кызматкер көрүнүп турган дене жаракаттарын (дененин бөлүгү, формасы, түсү, болжолдуу көлөмү), психологиялык абалынын өзгөрүшүн сүрөттөйт жана аларды медициналык кароонун формасына белгилейт.
18. Балага жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга карата алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасалганына шектенгенде, медицинапык кароо жүргүзүүгө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн маалымдалган макулдугу талап кылынбайт.
19. Пациенттин өтүнүчү боюнча мүмкүнчүлүккө карата кароону ошол эле жыныстагы медициналык кызматкер жүргүзөт.
20. Эгерде пациент мамлекеттик же расмий тилди билбесе, ага реестрден котормочу камсыз кылынат.
21. Медициналык кароо зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиле жасалган учурдан тартып өткөн убакыт аралыгына карабастан шашылыш тартипте жүргүзүлөт:
1) жалпы кароодон баштап, бардык системалар жана органдар боюнча ырааттуу түрдө;
2) ички оорулардын пропедевтикасында, балдар ооруларынын, хирургия, гинекология пропедевтикасында жана пациенттерди системалык изилдөөнүн башка алгоритмдеринде кабыл алынган эрежелерге жана стандарттарга ылайык;
3) пациенттин жекече, маданий, диний, гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен.
Объективдүү статусту сүрөттөөдө шаблондук туюнтмаларды колдонууга жол берилбейт (мисалы, "нормалдуу", "N", "патологиясыз").
22. Балдарды медициналык кароо педиатрия боюнча атайын даярдыгы жана балдар менен иштөө тажрыйбасы бар медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.
23. Балдарга медициналык кароо жүргүзүү процессинде медициналык кызматкерлер баланын жаш курагына жана өнүгүүсүнө карата сурамжылоонун ыкмаларын колдонушат, ошондой эле балдарга карата төмөнкүдөй аспекттерди эске алышат:
1) алар чоңдорго караганда азыраак маалымат беришет, кайталануучу окуялардын деталдарында ката кетиришет;
2) каалаган жоопту алууну болжогон багыттоочу суроолорго өзгөчө сезимтал болушат;
3) травма алган жана ата-энесинен ажырагандардын эс тутумунун калыптануусунда бузулуулар болушу мүмкүн;
4) үй-бүлө мүчөлөрүнүн окуяларды кайра айтып берүүсүнүн жана чечмелөөсүнүн таасири астында эскерүүлөрүн калыптандырышы мүмкүн;
5) сексуалдык зомбулук түшүнүгүн түшүнбөшү же аны аныктабашы мүмкүн.
24. Пациент жалпысынан медициналык кароо жүргүзүүдөн же медициналык кароого кирген медициналык кийлигишүүнүн айрым түрлөрүнөн баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө медициналык кароо формасында белгиленет.
Кармалган адамдын, шектүүнүн, айыпкердин, соттолгондун медициналык кароо жүргүзүүдөн баш тартуусу анын адвокатынын же дагы бир медициналык кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт.
25. Медициналык кароо медициналык кызматкерден жана пациенттен башка ар кандай адамдын катышуусун болтурбаган купуялуулук шарттарында жүргүзүлөт. Медициналык кызматкердин коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда анын жеке суроо-талабы боюнча медициналык кароо коргоо жана коопсуздук үчүн жооптуу кызматкердин катышуусунда, кызматкерге медициналык кароо жүргүзүү процессин көз менен көрүүгө, бирок медициналык кызматкер жана пациент айткан маалыматты укпоого мүмкүндүк берген шарттарда жүргүзүлүшү мүмкүн.
26. Медициналык кызматкер төмөнкүлөргө байланыштуу пайда болгон байланышуу тоскоолдуктарын медициналык кароо формасында белгилейт:
1) шарттарга байланыштуу (мисалы, купуялуулук шарттарынын жоктугу, ыңгайсыз жагдай же сурамжылоо жүргүзүү үчүн жетиштүү убакыттын жоктугу);
2) физикалык тоскоолдуктар (мисалы, оору же башка ыңгайсыздык, узак убакыт бою олтурууга байланыштуу көйгөйлөр, чарчоо же сезүүнүн бузулушу (сокурдук, дүлөйлүк ж.б.);
3) психологиялык тоскоолдуктар (мисалы, коркуу, тынчсыздануу же психикалык бузулуулар ж.б.);
4) социалдык-маданий тоскоолдуктары (мисалы, сурамжылоочунун жынысы, тил көйгөйлөрү, анын ичинде котормонун шайкештиги жана тактыгы ж.б.).
27. Медициналык кароо атайын жабдылган бөлмөдө, ал эми андай жок болсо медициналык багыттагы буюмдардын, медициналык кароо үчүн эмеректердин жана жабдуулардын зарыл болгон минималдуу топтому бар жайда жүргүзүлөт.
28. Медициналык кызматкерлер денедеги жаракаттарды же алардын кесепеттерин масштабдуу сызгычтын жардамы менен сүрөткө тартышат жана медициналык кароонун формасына тиркеме - фототаблица түзүшөт. Эгерде медициналык кызматкер дене жаракатын таппаса, бирок пациент зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирсе, медициналык кызматкер пациенттин сөзү боюнча зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиледе таасир алган дененин бөлүктөрүн сүрөткө тартат.
29. Медициналык кароонун натыйжалары медициналык кызматкер тарабынан пациентке же анын мыйзамдуу өкүлүнө медициналык кароо жол-жобосу аяктагандан кийин дароо билдирилет.
30. Зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин ар бир учуру амбулатордук оорулуунун медициналык картасына, стационардык оорулуунун медициналык картасына, медициналык кароонун толтурулган формасынын номерин көрсөтүү менен саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү каттоо журналына жазылат.
31. Медициналык кызматкерге кароо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуунун, ага карата коркутуу же башка кысым көрсөтүүнүн ар бир учуру жөнүндө бул аракеттерге бөгөт коюу жана аларга укуктук баа берүү үчүн ыйгарым укуктуу укук коргоо органына токтоосуз билдирилет.
32. Медициналык кароонун сапатсыздыгы же медициналык кызматкердин медициналык кароодо кесиптик милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы, пациентке зарыл медициналык жардамды көрсөтпөөсү медициналык кызматкердин Кыргыз Республикасынын эмгек, кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилигине алып келет.
§ 3. Медициналык кароонун жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларын тариздөө
33. Медициналык кароонун жана медициналык кароо учурунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары медициналык кароо формасында белгиленет.
34. Медициналык кароонун формасы кароону өткөргөн медициналык кызматкер тарабынан мамлекеттик же расмий тилде таризделет.
35. Өзү көчүрүүчү бланк продукциясы жок болгон учурда медициналык кароо формасынын бланктары саламаттык сактоо уюмунун бюджетинде каралган каражаттардын же башка булактардын эсебинен басып чыгарылат. Мындай учурларда медициналык кароонун формасы медициналык кызматкер тарабынан үч нускада басып чыгарылат, мында толтуруу аяктагандан кийин ар бир бетине медициналык кароону жүргүзгөн медициналык кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт. Медициналык кароонун формасын номерлөө медициналык кызматкер тарабынан пациенттин ПИН жана оору баянынын/амбулатордук картанын номерин пайдалануу менен өз алдынча улантылат.
36. Пациенттин абалы тиешелүү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмуна кайра багыттоону талап кылган учурларда, медициналык кароонун формасы профилдик мекемеде бир жолу толтурулат, анда жардамдын максималдуу көлөмү аныкталат.
37. Эгерде амбулатордук звено кайра багыттоо үчүн гана, ал эми медициналык тез жардам (мындан ары - МТЖ) ташуу үчүн гана кызмат кылса, анда медициналык кароонун формасы толтурулбайт, бирок зомбулукка, кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге карата белгилер же даттануулар жолдомо бланкында же коштоочу баракта амбулатордук звенонун же МТЖнын, ошондой эле медициналык кароонун формасы толтурулушу керек болгон профилдик мекеменин пациенттерди кабыл алуу журналдарына белгилөө менен көрсөтүлөт.
38. Медициналык жардам көрсөтүү МТЖ же саламаттык сактоо уюмунун деңгээлинде үзгүлтүккө учураса же аяктаса, анда медициналык кароонун формасы тиешелүү түрдө МТЖ же саламаттык сактоо уюмунун деңгээлинде таризделет.
39. Саламаттык сактоо уюмуна, анын ичинде МТЖга кайрылган ар бир учурда укук коргоо органдарына билдирүү жиберилет, бул зомбулук көрсөтүлгөнү боюнча саламаттык сактоо уюмдарына кайрылган жактарды каттоо журналында белгилениш керек.
40. Медициналык кароонун формасы маалыматтарды тиешелүү графаларга түшүнүктүү кол жазма менен, кыскартылбастан же белги коюу жерине белги коюу жолу менен таризделет. Медициналык кароо формасынын бардык пункттары толтурулууга тийиш.
41. Медициналык кароо жүргүзүүгө медициналык кызматкерден жана пациенттен тышкары ар кандай үчүнчү жак катышкан учурда, милдеттүү тартипте медициналык кароонун формасынын тиешелүү графасына белги коюлат.
42. Медициналык кароонун формасын тариздөөдө медициналык кызматкер пациенттин физикалык жана психикалык абалын сүрөттөө үчүн төмөнкү эрежелерди сактайт:
1) бардык даттануулар синдромдук принципти сактоо менен пациенттин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн сөзү менен жазылат;
2) физикалык текшерүүнүн натыйжалары менен мүмкүн болгон дал келбестигине карабастан даттануулар толук көлөмдө белгиленет;
3) багыттоочу суроолорго жол берилбейт;
4) оорунун анамнезинде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- мүмкүн болгон сексуалдык мүнөздөгү кыйноолорго байланыштуу симптомдорду толук кароо;
- симптомдордун пайда болуусунун мүмкүн болгон себептери жана жагдайлары;
- алгачкы белгилердин пайда болуу убактысы, эскирүүсү жана убакыт боюнча симптомдордун пайда болуусунун ырааты жана эволюциясы;
- мурунку консультациялар жана госпитализациялар, жүргүзүлгөн дарылоо ыкмалары жана алардын натыйжалуулугу;
5) өмүрүнүн анамнезинде төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтар камтылат:
- пациенттин күнүмдүк жашоосу (билими, иштеген, окуган жери жана шарттары, кесиби, алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонуусу, чыр-чатак зонасында жашоосу, аскердик кызматты өтөгөнү жөнүндө маалыматтар);
- мурунку соматикалык, психикалык оорулары, мурунку жаракаттары жана алардын кесепеттери, хирургиялык операциялары;
- бала кезиндеги физикалык жазалар, зомбулуктун ар кандай түрлөрү ж.б.;
- аллергиялык жана тукум куума оорулар ж.б.;
6) зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоонун жагдайлары жөнүндө маалыматка төмөнкүлөр камтылат:
- зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин куралдары, денесинин абалын, иммобилизация ыкмаларын сүрөттөө;
- зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин жыштыгы жана узактыгы;
- эркиндигинен ажыратуу же чектөө күнү, орду жана узактыгы;
- суу жана тамак-аш менен камсыз болуусу, табигый муктаждыктарын канааттандыруусу;
- медициналык жардамга жетүүсү;
- зомбулуктан, кыйноодон жана ырайымсыз мамиледен кийинки бейтаптын абалы (акыл-эси бузулганбы, өз алдынча кыймылдай алабы, кан агуу, кусуу ж.б. барбы);
7) органдардын системалары боюнча объективдүү абалы бөлүктөр боюнча сырттан кароонун, пальпациянын, перкуссиянын жана аускультациянын натыйжаларын камтыйт. Пациентти кароо учурунда аныкталган патологиялык өзгөрүүлөр кеңири баяндалат;
8) локалдык өзгөрүүлөр (status localis) милдеттүү бөлүм болуп саналат жана пациенттин денесинде табылган бардык жабыркоолордун кеңири сүрөттөлүшүн камтыйт;
9) сырткы жабыркоолорду сүрөттөө морфологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жана дене жабыркоолорун сүрөттөө принциптерине ылайык жүргүзүлөт;
10) локалдык статустагы жабыркоолорду сүрөттөөдө алардын морфологиялык мүнөздөмөлөрүн жалпы туюнтмалар же диагноздор менен алмаштырууга жол берилбейт (мисалы, жумшак ткандардын урунушу, кирүүчү/чыгуучу тешик, кесилген жаракат ж.б.).
43. Медициналык кароонун жыйынтыгынын негизинде медициналык кызматкер алдын ала/клиникалык диагноз коёт. Диагноз тиешелүү клиникалык симптомдор, объективдүү кароонун, локалдык статустун маалыматтарынын жана зарыл/жеткиликтүү болгон учурда клиникалык-лабораториялык, инструменталдык изилдөөлөр менен негизделиши керек.
44. Эгерде пациент профилдик адистердин консультациясына жана/же клиникалык-лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө муктаж болсо, медициналык кызматкер пациентти изилдөөгө жиберүүгө жана анын тиешелүү консультация/текшерүү алуу мүмкүнчүлүгүн контролдоого милдеттүү.
45. Диагностикалык изилдөөнүн оң натыйжасынын жоктугу, дене-мүчөсүн изилдөөнүн маалыматтары сыяктуу эле, зомбулук колдонулган жок деген тыянакка алып келбеши керек. Эгерде атайын адистин консультациясы же клиникалык-лабораториялык/инструменталдык изилдөө жеткиликтүү эмес болсо, медициналык адис медициналык кароонун формасында анын себеби жөнүндө милдеттүү түрдө белги коюшу керек (мисалы, ресурстардын чектелген шарттары ж.б.).
46. Медициналык кызматкер ар бир табылган жаракаттардын ортосундагы дал келүү даражасын, жаракаттын жалпы мүнөзүн жана пациент айткан анын келип чыгуу жагдайларын төмөнкү критерийлерди колдонуу менен аныктайт:
1) дал келбейт: жабыркоо сүрөттөлгөн жаракаттан улам болушу мүмкүн эмес;
2) дал келет: жабыркоо сүрөттөлгөн жаракаттан улам болушу мүмкүн, бирок ал конкреттүү эмес жана ага башка көптөгөн себептер болушу мүмкүн;
3) жогорку деңгээлде дал келет: бул жабыркоо сүрөттөлгөн жаракаттан улам келип чыгышы мүмкүн жана башка мүмкүн болуучу себептери жокко эсе;
4) диагноз негизинен коюлду: бул жабыркоо сүрөттөлгөндөн башка жол менен келип чыгышы мүмкүн эмес.
47. Медициналык кароонун формасы аны толтурган медициналык кызматкердин колу жана өздүк мөөрү менен, ал эми ал жок болгон учурда кароону жүргүзгөн медициналык кызматкер иштеген, медициналык кызмат курамына кирген саламаттык сактоо уюмунун же органдын, мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
48. Медициналык кароонун формасынын түп нускасы саламаттык сактоо уюмунда калат.
49. Медициналык кароонун формасынын көчүрмөсү таризделип, медициналык кароо жүргүзгөн медициналык кызматкер тарабынан кол коюлгандан кийин пациентке же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет, саламаттык сактоо уюмунда кала турган медициналык кароонун формасынын нускасы анын колу менен күбөлөндүрүлөт.
50. Медициналык кароонун формасынын көчүрмөсү сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдын жазуу жүзүндөгү расмий суроо-талабынын негизинде берилет, бул жөнүндө каттоо журналына фамилиясын, атын, атасынын атын, кызмат ордун жана кызмат адамынын кол тамгасын көрсөтүү менен белги коюлат.
51. Медициналык кароонун толтурулган формаларынын нускалары форма берилген календардык жыл аяктагандан кийин берилген жери боюнча үч жыл бою сакталууга тийиш, кийин медициналык документтерди колдонуу эрежелерине ылайык 75 жылга архивделет.
52. Медициналык кароо формасынын бланктары так отчеттуулук документтерине кирет. Бул бланктарды эсепке алуу жана сактоо алардын ишенимдүү сакталышын камсыздоочу тартипте уюштурулат.
53. "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган электрондук колтамгалардын түрлөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын ведомстволук мекемелеринин маалыматтык системасы аркылуу түзүлгөн медициналык кароонун формасы юридикалык күчкө ээ жана өз колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке теңештирилет.
54. Ушул Эрежелердин талаптарына ылайык медициналык кароону уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик жана медициналык кароо формасынын бланктарын эсепке алууга жана сактоого контроль кылуу медициналык кароо жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
55. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси дарыгерлерди окутууну, медициналык кароону уюштурууну жана медициналык кароонун толтурулган формаларынын сапатын контролдоону камсыз кылат. Медициналык кызматкердин медициналык кароонун формасын туура эмес жана толук эмес толтуруусу, медициналык кароонун формасына атайылап жалган маалыматтарды киргизүү же анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолор аркылуу медициналык кароонун натыйжаларын бурмалоосу медициналык кызматкердин Кыргыз Республикасынын эмгек, кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилигине алып келет.
§ 4. Медициналык кароо учурунда дене жаракаттарын сүрөткө тартуу
56. Денеге келтирилген зыянды сүрөткө тартуу төмөнкү эрежелерге жана критерийлерге жооп бериши керек:
1) сүрөткө тартуу медициналык кароо формасынын тиешелүү графасында анын колу менен күбөлөндүрүлгөн пациенттин маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо жүргүзүлөт, ага медициналык кызматкер жеткиликтүү формада жана пациентке түшүнүктүү тилде сүрөткө тартуунун мүнөзү жана максаттары жөнүндө маалымат берет;
2) сүрөткө тартуу үчүн каражат (пленкалуу фотоаппарат, санариптик фотоаппарат же мобилдик телефондун камерасы, смартфон, планшет) мүмкүн болушунча 5 МПден (мегапиксель) кем эмес уруксат берүү жөндөмүнө ээ болушу керек, бул сапаттуу фотосүрөттү жана түстөрдү берүүнү алууга мүмкүндүк берет;
3) сүрөткө тартуу, мүмкүн болсо, дене жаракатынын түсүн бурмалабоо үчүн табигый жарыкта жүргүзүлөт;
4) сүрөткө тартылып жаткан объекттин (анын чыныгы өлчөмдөрүнүн) кийин бурмаланышына жол бербөө үчүн камерадагы же мобилдик телефондун камерасындагы арткы тилкенин (экрандын) тегиздиги издин тегиздигине параллель жайгашышы керек, ал эми оптикалык огу издин тегиздигине перпендикуляр болуп, анын борбору аркылуу өтөт;
5) фотосүрөттөр масштабдуу сызгычтар жана түстүү шкала менен жабдылышы керек, масштабдуу сызгыч сүрөткө тартуу объектинин тегиздигинин бийиктигинде жайгаштырылышы керек жана аны жаппашы керек;
6) эгерде татаал рельефтүү объект сүрөткө тартылса, анда анын ар кайсы участокторунда бир нече масштабдуу сызгычтар жайгаштырылат;
7) масштабдуу сызгыч кадрда объектти көздөй миллиметрдик бөлүнүштөрдө жайгашкан;
8) дене жаракатынын түсүн так берүү менен сүрөттөрдү алуу үчүн эталондук түстөрдүн катышуусу менен масштабдуу сызгыч колдонулат;
9) көкүрөктү тартуу нейтралдуу жарык фондо (дубалдын жанында), фондо объекттен көлөкө болбошу үчүн объекттен кандайдыр бир алыстыкта тартылат;
10) эгерде дене жаракаттары бет, моюн жагында болсо, фотоаппарат сүрөткө түшкөн адамдын көзүнүн деңгээлинде жана кийинки бурмалоолордон сактануу үчүн ага 1 метрден жакын эмес жайгаштырылышы керек. Линзанын оптикалык огу сүрөткө түшкөн адамдын башы алдыга же артка бүктөлбөшү үчүн көздүн сырткы кесилиши жана кулактын үчтөн бир бөлүгү аркылуу өтүшү керек;
11) сүрөткө тартуу баш кийимсиз жана көз айнексиз тартылат, ал тургай адам аларды дайыма кийип жүрсө да. Чач кулактары көрүнүп тургандай кылып артка таралат (адам күнүмдүк жашоодо кандай чач жасалгасы менен жүрбөсүн);
12) фотоматериалдарды сактоонун жана аларга жетүүнүн тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тиешелүү протокол менен аныкталат;
13) фотосүрөттө көзгө көрүнгөн дене жаракатынын жок болушу ал болгон эмес дегенди билдирбейт.
57. Фотосүрөттөргө карата сүрөткө тартуу ишке ашырылгандыгы тууралуу акты түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) колдонулган фотографиялык каражаттар (аппараттын тиби, объективдин түрү, пайдаланылуучу фотоматериал, жарыктандыргычтар ж.б.);
2) сүрөткө тартуу ыкмалары;
3) сүрөткө тартуу объекттерин (пациенттин аты-жөнү, дене жабыркоосунун түрү жана локализациясы);
4) сүрөткө тартуу убактысы жана орду;
5) сүрөткө тартуунун шарттары, тартиби, жарыктандыруунун мүнөзү.
58. Медициналык кароо формасына тиркелүүчү сүрөттөр фототаблица түрүндө таризделет. Фототаблицанын аталышы бар, анда медициналык кароонун формасынын номери жана медициналык кароонун датасы көрсөтүлөт.
59. Фототаблицадагы ар бир сүрөттүн астына номер коюлат жана белгиленген дене жаракаттарынын түрүн жана локализациясын көрсөтүү менен кыскача түшүндүрмө жазуу берилет.
60. Сүрөттөрдүн аныктыгын тастыктоо үчүн алардын ар бири кароону жана сүрөткө тартууну жүргүзгөн медициналык кызматкердин колу менен күбөлөндүрүлөт.
3-глава. Кыйноолордо жана ырайымсыз мамилелерде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү
§ 1. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана шарттары
61. Соттук-медициналык экспертиза тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын токтому же соттун аныктамасы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте өздөрүнүн же берилген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон процесстин катышуучуларынын эксперттик корутунду берүү жөнүндө өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Соттук-медициналык экспертиза экспертиза жүргүзүү тапшырылган же келишимдик негизде экспертиза өткөрүү жөнүндө өтүнүч жөнөтүлгөн эксперттик уюм тарабынан жүргүзүлөт.
62. Соттук-медициналык экспертиза төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- денедеги жабыркоолордун болушун, жайгашкан жерин, мүнөзүн жана алардын издерин, алар канча убакыт мурун пайда болгондугун, пайда болуу себептерин жана механизмдерин аныктоо, экспертиза жүргүзүүдө алынган натыйжалар менен кыйноо жана ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөрдүн ортосундагы шайкештикти баалоо максатында;
- эксперттик баалоонун көз карандысыздыгынын жана объективдүүлүгүнүн, экспертизанын натыйжаларына мүмкүн болуучу таасирлердин алдын алуунун, ошондой эле юридикалык процессте тараптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепилдиги болгон купуялуулуктун принциптерин так сактоо менен;
- экспертиза жүргүзүүгө түздөн-түз тиешеси жок үчүнчү жактардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун жокко чыгарган купуялуулук шарттарында, эгерде мындай адамдар эксперттин бөлмөдөн чыгып кетүү тууралуу эскертүүсүнө көңүл бурбай коюшса жана экспертиза жүргүзүүгө катышса, эксперттин корутундусунда алардын аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлүүгө тийиш;
- экспертизадан өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн экспертиза жүргүзүүгө маалымдалган макулдугу менен.
63. Кыйноолорду колдонуу же ырайымсыз мамиле кылуу жөнүндө арыз болгон учурда соттук-медициналык экспертиза кыйноолорду колдонуу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 12 сааттын ичинде дайындалууга тийиш.
64. Купуялуулук принциби экспертиза жүргүзүү жол-жобосуна, бардык изилдөөлөргө жана материалдарга өзгөчө жеткиликтүүлүктү карайт.
65. Эксперттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, анын жеке суроо-талабы боюнча соттук-медициналык экспертиза коргоо жана коопсуздук үчүн жооптуу кызматкердин катышуусунда, кызматкерге экспертиза жүргүзүү процессин көз менен көрүүгө мүмкүндүк берген, бирок эксперт жана экспертизадан өтүүчү адам айткан маалыматты уга албаган шарттарда өткөрүлүшү мүмкүн.
66. Экспертизадан өтүүчү адам түшүнүү менен маалымдалган макулдук берүү үчүн эксперт ага төмөнкү маалыматтарды берүүгө тийиш:
1) экспертиза жүргүзүү үчүн негиздер;
2) экспертиза жүргүзүүнүн максаттары, ыкмалары жана өзгөчөлүктөрү;
3) экспертизадан өтүүчү адамдын ар кандай жеке суроого жооп берүүдөн баш тартууга жана экспертиза жүргүзүүнүн жүрүшүндө каалаган убакта экспертизаны улантууга болгон укугу;
4) алынган маалыматтын купуялуулугуна карата чектөөлөр;
5) экспертизадан өткөн адамдын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары жана тыянактары менен таанышуу укугу жана жол-жобосу;
6) экспертизанын жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү;
7) экспертизанын жыйынтыктарын сактоонун жана аларга жеткиликтүү болуунун өзгөчөлүктөрү;
8) корутундуну даярдоо мөөнөтү.
67. Эксперт экспертизадан өтүүчү адам же анын мыйзамдуу өкүлү соттук-медициналык экспертизанын мүнөзүн жана кесепеттерин түшүнүүсүнө, маалымдалган макулдук экспертизадан өтүүчү адам тарабынан ыктыярдуу түрдө, башка адамдардын мажбурлоосусуз берилгендигине ынанууга тийиш.
68. Экспертизадан өтүүчү адамдын соттук-медициналык экспертизаны жүргүзүүгө катышууга макулдугу же андан баш тартуусу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча бланкта белгиленет.
69. Экспертизадан өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн маалымдалган баш тартуусунда экспертизадан өтүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү түзүлөт.
70. Экспертизадан өтүүчү адам же анын мыйзамдуу өкүлү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө макул болгон учурда, эксперт өзүн тааныштырып, экспертиза жүргүзүүдөгү өзүнүн функционалдык жана процесстик милдеттерин түшүндүрүшү керек.
71. Эксперт экспертизадан өтүүчү адамга мамлекеттик эмес эксперттердин экспертизасынан өтүү укугу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү; медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда адистерди консультацияга, ал эми зарыл учурда дене-мүчөсүн жана психикалык ооруларын дарылоого жиберүүгө милдеттүү.
72. Эгерде пациент мамлекеттик же расмий тилди билбесе ага реестрден котормочу камсыз кылынат.
73. Иштин жагдайына жараша дене-мүчө жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар жаатындагы адистер биргелешип бирдиктүү экспертиза жүргүзөт. Эгерде айрым клиникалык экспертизалар жүргүзүлүп, алардын биринин жыйынтыгы боюнча ынанымдуу ырастоочу далилдер алынса, ал эми башкасынын жыйынтыгы боюнча орточо гана ырастоочу далилдер алынса, анда бардык алынган далилдер жыйындысында ынанымдуу ырастоочу болуп эсептелет.
74. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал колдонулган мезгилде соттук-медициналык экспертиза ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Соттук-медициналык экспертизаларды жүргүзүү шарттарын камсыздоо жана өз убагында жүргүзүүнү контролдоо Республикалык соттук-медициналык эксперттик кызматтын жетекчисине, облустук жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
75. Негиздүү болгон жагдайлар (ӨК жана ӨА) соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун формасынын тиешелүү пунктунда экспертизанын чектөөлөрү катары көрсөтүлүшү керек.
§ 2. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү методикасы
76. Соттук-медициналык экспертиза эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасында экспертиза жүргүзүүнү регламенттеген башка ченемдик, нускамалык жана методикалык документтерге жана ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
77. Экспертизадан өтүүчү адам менен сурамжылоо жүргүзүүдө экспертизадан өтүүчү адамдын аггравация (жаракаттын субъективдүү симптомдорун апыртуу) жана симуляция элементтерин жокко чыгаруу максатында жетектөөчү суроолорду берүүгө жол берилбейт.
78. Сурамжылоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) экспертизадан өтүүчү адамга сурамжылоо процессинде туш болушу мүмкүн болгон аспектилер жөнүндө маалымат берүү;
2) суроолордун мүнөзү, түзүлүшү жана ырааттуулугу жөнүндө кылдат ойлонуу. Экспертизадан өтүүчү адамдын жеке жана сексуалдык чөйрөсүнүн аспектилерин камтыган суроолорду ишенимдүү байланыш түзгөндөн кийин берүү;
3) экспертизадан өтүүчү адамга урмат көрсөтүү, толеранттуулук, кунт коюп угуучу жана маектеш катары иш жүргүзүү;
4) экспертизадан өтүүчү адамдын сөздөрүнө күмөн саноо, ишенбөө, күнөөлөө мүнөзүндө мамиле кылбоо;
5) экспертизадан өтүүчү адамдын берилген суроолорго жооп берүүдөн баш тартуу же тыныгуу алуу укугун таануу.
79. Экспертизадан өтүүчү адамды сурамжылоодо эксперт төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) экспертизадан өтүүчү адам жөнүндө маалымат: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, туулган жери, жарандыгы;
2) социалдык анамнези: улуту, диний ишеними, үй-бүлөлүк абалы, балдары (саны, жашы), билими, кесиби;
3) эркиндигинен ажыратууга чейинки жашоо образы: иши (кайда, ким болуп иштейт, стажы), жашоо жана эмгек шарттары, зыяндуу адаттары (тамеки тартуу, алкоголь, баңги заттар, колдонуунун узактыгы жана жыштыгы);
4) мурдагы патологиялык процесстер, оорулары: өнөкөт жана тукум кууган ооруларынын болушу (кургак учук, вирустук гепатит, жыныстык жол менен жугуучу оорулар ж.б.), алардын башталышы жана өтүшү; травмалар жана алардын кесепеттери; медициналык жардам алуу (кайда, ким тарабынан көрсөтүлгөн, түрү жана көлөмү) жана кабыл алынып жаткан дары-дармек препараттары (аталышы, кабыл алуу жыштыгы) жөнүндө маалыматтар.
Оорусунун жана өмүрүнүн таржымалы жөнүндө маалыматтар экспертизадан өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн сөздөрүнөн, медициналык документтерден (жолдомо, көчүрмө ж.б.) маалыматтын булагын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жазылат;
5) экспертизадан өтүүчү адамдын даттануулары:
- ар бир симптомдун оордугу, жыштыгы жана узактыгы;
- кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени колдонуу менен байланышкан жаракаттарды алгандан кийинки өнөкөт симптомдор (жаракаттан калган тырыктар, электрдик жана термикалык күйүктөр, скелеттин сөөктөрүнүн деформациясы, сыныктардын туура эмес бүтүшү, тиштердин бузулушу, чачтын түшүшү, миофиброз ж.б.);
6) эксперттеги адамдын сөздөрүнөн иштин жагдайы:
- болжолдуу кыянаттыкка алып келген жагдайлар жөнүндө маалымат (кармоо, камакка алуу даталары; транспорт менен ташуу жана кармоо шарттарындагы кемчиликтерди сүрөттөгөн баштапкы жана кийинки камакта кармоо жайлары);
- кыйноолор жана катаал мамиле жөнүндө маалымат: кыйноолорду жана катаал мамилени колдонуунун так же болжолдуу даталары жана убактысы; болжолдонгон укук бузуучулар жана катышып отурган адамдар (аты-жөнү, фамилиясы, кызмат орду, жынысы, курагы, физикалык жана тышкы маалыматтар); кыйноолордун ыкмаларынын сыпаттамасы; кыйноо үчүн пайдаланылган курал-жарактын же башка буюмдардын сыпаттамасы, сурамжылануучуга карата тынчтандыруунун физикалык каражаттарын колдонууга көрсөтмө, кыйноолордун узактыгы, алынган жабыркоолордун локализациясы;
- жаракат алгандан кийин курч мүнөздө өнүккөн симптомдордун болушун аныктоо жана сүрөттөө (түз суроо): эс-учун жоготуу (узактыгы), кулак тунуу жана дезориентация абалы; кан агуу (булагы, мүнөзү, узактыгы); кусуу (кайталануу), сезүү органдары тарабынан бузулуу (мурун менен дем алуу, көрүү, угуу (даражасы, узактыгы); ооруу, уюп калуу (локализация, узактыгы), сөөктөрдө жана муундарда кыймылдын чектелиши (локализация, узактыгы), шокогендик реакциялар (рефлексогендик зоналарга аракет жасоодо) жана башка;
- медициналык жардам алуусу жөнүндө маалыматтар (кайда, ким тарабынан көрсөтүлгөн, түрү жана көлөмү).
Өнөкөт функционалдык бузулуулар жана симптомдор болгондо, биринчи белгилердин башталышы жана жараттан кийинки оорунун башталышы, симптомдордун пайда болуу ырааттуулугу жана эволюциясы, алардын пайда болушунун мүмкүн болгон себептери жана жагдайлары, алдын-ала консультациялар жана ооруканага жаткыруу, дарылоо ыкмалары жана алардын натыйжалуулугу кеңири көрсөтүлөт. Экспертизадан өтүүчү адамды коштогон туугандарынын сөздөрүнөн даттанууларды топтоого жол берилет.
80. Объективдүү кароо өзүнө тышкы кароо, пальпация, перкуссия жана аускультация аркылуу системалар жана органдар боюнча объективдүү абалды изилдөөнү өзүнө камтыйт. Экспертизадан өтүүчү адамды текшерүүдө табылган патологиялык өзгөрүүлөр кеңири сүрөттөлөт.
81. Экспертизадан өтүүчү адамдын дене-мүчөсүн кароо жалпы кароодон баштап системалар жана органдар аркылуу ырааттуу жүргүзүлөт:
1) жалпы абалы: канааттандырарлык, орточо оор, оор, өтө оор (активдүү, пассивдүү, аргасыз), конституциялык дене түзүлүшү (нормостеник, астеник, гиперстеник), абалы (тургор, ийкемдүүлүк, шишик, исиркектер ж.б.), теринин түсү/көрүнгөн былжыр челдери, тамактануу даражасы, перифериялык лимфа түйүндөрүнүн абалы);
2) бети: симметриялуулугу, сыйрыктардын, канталаган жерлердин, жаракаттардын, жумшак ткандардын шишигинин, пальпация учурунда ооруулардын болушу, патологиялык кыймылдуулугу жана сөөктүн крепитациясы;
3) көздүн жаракат белгилеринин бары-жогун текшерүү: шишик, кан куюлуу, жаракат алуу.
Эгерде текшерүүдө экспертизадан өтүүчү адам иммобилизацияланса, кандай түрдө, кандай себеп менен болгону көрсөтүлөт. Көздүн жаракатына же оорусуна шектенгенде, сөзсүз түрдө окулисттин кеңеши керек. Көз оюгунун сөөктөрүнүн сыныктарын, ошондой эле көздүн карегинин жана ретробульбардык жумшак ткандардын жабыркашын тастыктоо үчүн МРТ, компьютердик томография, ренттенологиялык жана ультраүн изилдөө ыкмаларынын натыйжалары колдонулат;
4) мурунду текшерүү: мурун менен дем алуунун кыйындашы, жумшак ткандардын шишүүсү, мурун кырынын кыйшайышы же ичине кирип кетүүсү, мурун сөөктөрүнүн патологиялык кыймылдуулугу жана крепитациясы.
Мурундун дем алуусунун бузулуу даражасын аныктоо үчүн милдеттүү түрдө оториноларинголог врачынын консультациясы керек;
5) кулактарды кароо: симметриялуулугу, кулак кабыктарында, упчу сымал өсүндүдө жаракаттардын болушу, кулак каналдарынан бөлүнүп чыгуулардын болушу, акуметрия жүргүзүү (шыбыроону жана кепти кабыл алуу).
Угуу органынын ортоңку жана ички бөлүмдөрүнүн жабыркоосуна даттануулар жана шектенүүлөр болгондо анатомиялык жабыркоолорду жана алар менен байланышкан функциялык бузулууларды аныктоо же четтетүү үчүн оториноларинголог, сурдолог врачтын консультациясы, текшерүүнүн кошумча инструменталдык ыкмалары милдеттүү түрдө колдонулат;
6) ооз көңдөйү/тиштер:
- ооздун ачылышы (чыкый-жаак астындагы муундун кыймылдуулугу) толук, чектелген, ооруткан. Чыкый-жаак астындагы сөөк жагындагы кыймылда "кырс" эткен үндүн чыгышы, кырсылдашы;
- эриндердин, жаак жактагы, таңдайдын ич жагынын абалы, былжырлуу кабыкчанын жана булчуң катмарында дефекттин болушу жана мүнөзү (сыйрыктар, кан агуулар, жаралар, исиркектер, жаракаттар, катуу болуп калуусу, тырык өзгөрүүлөр);
- тил (нымдуу, кургак, таза), каптоосу (ак, сары, күрөң, боз, башка), тиш басымынын белгилеринин болушу, тырык өзгөрүүлөр;
- тиш бүйлөсү (жаралар, кан агуу, катуу болгон жерлер, кан агуу);
- бүтүн, кариоз, сынган, протезделген тиштер бар экендигин көрсөтүү менен тиш формуласы. Кайсы тиштер жок экендигин, тиш ордуларынын абалын жана алардын өсүү деңгээлин көрсөтүү керек;
7) моюн: толук кыймылдуулук, чектөөлөр менен, алдыга, артка оңго, солго ийилүү, оңго, солго бурулуу, пальпация жана кыймыл учурунда ооруксунуу, кекиртектин кемирчектериндеги крепитация; үндүн кырылдашы.
Даттануулар болгондо, ошондой эле моюндун кысылышы жана муунтууну болбогондугун жокко чыгаруу үчүн көздүн бөлүктөрүн (конъюнктив, көз чанагынын склерасы, каректер), баштын терисин жана кысуу деңгээлинен жогору былжырлуу кабыкчаларды (ооздун ички бөлүгүн, кабакты, таңдайды жана таңдай тилмесин кошкондо) кароо жүргүзүлүшү керек. Текшерүү жакшы жарыкта, майда кан агуулардын (петехиялардын) локализацияланган бардык участокторун табуу үчүн жүргүзүлүшү керек;
8) көкүрөк клеткасы: формасы (нормостениялык, астеникалык, гиперстениялык, эмфизематоздук, паралитикалык, рахиттик, воронка сымал, навикулярдык, кифосколиотикалык), дем алуу кыймылдарында кыймылдуулуктун чектелиши (же көкүрөк клеткасынын жарымынын биринде дем алуу кыймылынын жоктугу), патологиялык кыймылдуулук, көкүрөк клеткасынын сөөктөрүнүн крепитациясы;
9) тышкы жыныс органдары жана аноректалдык аймак.
Даттануулар болгон учурда кошумча изилдөө методдорун (компьютердик-томографиялык, рентгенологиялык изилдөө) жүргүзүү менен адис врачтардын консультациялары дайындалышы керек:
1) борбордук жана перифериялык нерв системасы (аң-сезими, жерди жана убакытты аңдап билүүсү, концентрациясы, эс тутуму, баш мээ нервдеринин абалы (көз тешиктеринин теңсиздиги, жогорку кабактын түшүүсү, тилдин четтөөсү, нистагм, мурун-эрин бүктөмүнүн тегизделиши, нервдер чыккан жерлердеги оору ж.б.), сезүү органдарынын жана перифериялык нерв системасынын абалы, жытты жана даамды сезүүнүн бузулушу, кыймылдаткыч жана сенсордук нейропатиялардын болушу (координациянын бузулушу, кыймылдоо функциясынын бузулушу, булчуң күчүнүн көрсөткүчтөрү, билек булчуңдарынын ар кандай күчү, парестезиялардын, гиперестезиялардын болушу, температураны сезгичтиктин бузулушу, эпилептикалык талмалардын болушу).
Даттануулар жана патологиялык өзгөрүүлөр болгон учурда невропатолог врачтын текшерүүсү, кошумча инструменталдык-лабораториялык изилдөө ыкмалары жүргүзүлүшү керек;
2) дем алуу системасы: дем алуунун түрү жана жыштыгы, физикалык кыймылда демигүүнүн, акроцианоздун болушу, перкуссиянын, аускультациянын натыйжалары;
3) жүрөк-кан тамыр системасы: жүрөктүн кагышынын жыштыгы, перифериялык артериялардагы тамырдын сапаты, кан басымы, демигүү, шишик, моюн кан-тамырынын шишүүсү бар экендигин көрсөтүү;
4) курсак жана ашказан-ичеги тракты: ичтин алдынкы бетинин абалы, пальпация учурунда патологиялык өзгөрүүлөрдүн болушу (патологиялык суюктуктардын болушу же жоктугу, ич көңдөйүнүн дүүлүгүү белгилери), боордун абалы жана патологиялык өзгөрүүлөрү, дефекациянын өзгөчөлүктөрү, заңдын мүнөзү ж.б.;
5) сөөк-муун жана булчуң системасы: муундардын, омуртканын жана кол-буттун кыймылдуулугу; контрактуралардын болушу (муундарда кыймылдын чектелиши) жана алардын даражасы, анкилоздордун болушу (функционалдык жактан пайдалуу (чоюлган) же функционалдык жактан ыңгайсыз (бүгүлгөн) абалда), пальпациялануучу сөөктүн чорунун болушу, мурдагы сынган жерлердеги деформациялар.
Билинбеген кан агууларды, тарамыштын жана фасциялардын чоюлуп калуусун аныктоо үчүн травматологдун консультациясы, кошумча текшерүү ыкмалары керек;
6) заара чыгаруу-жыныс системасы: заара ушатуунун бузулушуна, зааранын түсүнүн өзгөрүшүнө даттануулар, анын ичинде заарада кандын болушу (макрогематурия), белге жеңил ургулоодо оорунун белгилери, пальпациялоодо бөйрөктүн абалынын өзгөрүшү ж.б.
Заара-жыныс системасынын жаракаттарын аныктоо үчүн ультраүн изилдөөсүн жүргүзүү, заара чыгаруу системасынын жана бөйрөктүн иштешинин лабораториялык-инструменталдык диагностикасы, уролог жана нефролог врач адистердин консультациялары жүргүзүлүшү керек. Эксперт текшерилип жаткан адамга мүмкүн болгон бардык медициналык аспектилерди түшүндүрүп, текшерүүгө ыктыярдуу макулдук алышы керек. Эгерде карап чыгууну жүргүзгөн эксперттин жынысы экспертизадан өтүүчү адамдыкынан айырмаланса, анда пациент менен бирдей жыныстагы адамдын катышуусу сунуш кылынууга тийиш.
82. Соттук-медициналык экспертиза өткөргөндө кыйноолорду колдонгондон кийин узак убакыт өткөн болсо, дене жаракаттары болбошу мүмкүн. Бул учурда тырыктар, пигментациянын көбөйүшү же азайышы, скелеттин сөөктөрүнүн деформациясы, сыныктарга байланыштуу сөөк аномалиялары, тиштердин жабыркашы, чачтын түшүшү жана миофиброз, жыныстык функциянын бузулушу, булчуңдардын оорушу ж.б. сыяктуу кесепеттер сүрөттөлүшү керек.
83. Эксперт экспертизадан өтүүчү адамдын денесинде табылган бардык жарааттарды изилдейт жана толук сүрөттөйт.
84. Жабыркоолорду сүрөттөөдө алардын морфологиялык мүнөздөмөлөрүн жалпы туюнтмалар же диагноздор менен алмаштырууга жол берилбейт (мисалы, жумшак ткандардын урунуусу, кирүүчү/чыгуучу тешик, кесилген жара ж.б.). Клиникалык-морфологиялык жактан механикалык жабыркоолор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: сыйрылуу, көгөрүү, жараат, чыгып кетүү, сынык, ички органдардын үзүлүүсү, жумшак ткандардын жанчылуусу. Бул жабыркоолордун морфологиялык өзгөчөлүктөрү жабыркатуучу предметтин белгилерин (касиеттерин), жабыркоо пайда болуу механизмин, алардын качан пайда болгондугун ж.б. аныктоого мүмкүндүк берет. Эгерде экспертизага чейин жабыркаган жер хирургиялык жол менен иштетилсе, экспертиза дайындаган адам аркылуу дарылоочу врачтан медициналык документтер (түп нускалары) же дарылоо мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, жабыркоолордун морфологиялык мүнөздөмөлөрү жана өлчөмдөрү толук жазылган көчүрмөлөрү суратылууга тийиш. Жаракат кылуу убактысы жаракатты айыктыруу процессинде ткандарда байкалган өзгөрүүлөр менен аныкталат. Жаракаттын эскиришин аныктоонун тактыгы биринчи кезекте экспертиза жүргүзүү убактысынан көз каранды. Ал канчалык эрте жүргүзүлсө, жаракаттын качан пайда болгондугун ошончолук так аныктоого болот.
85. Дене жаракаттары аларды сүрөттөөнүн алгоритмин (схемасын) милдеттүү сактоо менен белгиленет.
86. Тышкы жабыркоолорду сүрөттөө алгоритми (схемасы) төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) сырткы жабыркоолорду сүрөттөө төмөнкү белгилерди милдеттүү көрсөтүүнү талап кылат: жабыркоонун так жайгашкан жери (анатомиялык жагы жана анын бети белгиленет, чек аралык анатомиялык зоналарга карата жайгашкан жери); жабыркоонун түрү (көгөрүү, сыйрылуу, жараат ж.б.); жабыркоонун формасы (формасы салыштырууга жатпаса геометриялык фигуралар менен салыштырылат, анда аныкталбаган форма көрсөтүлөт); жабыркоонун дененин (органдын, сөөктүн) орто сызыгына карата багыты; жабыркоонун өлчөмү (узундугу, туурасы жана тереңдиги өзүнчө) сантиметр менен; жабыркоонун түсү жана ага чектеш жерлер; жабыркоо бетинин мүнөзү (рельеф, түс, теринин жабыркабаган жерлерине карата сыйрылган катмарынын болушу жана теринин жабыркабаган аймактарына карата катышы); четтеринин, учтарынын мүнөзү (тутумдаштыргыч-ткандык тосмолордун, жаранын учу боюнча түктүү "көпүрөлөрдүн" болушу), жаранын капталдары жана түбү, кан агуунун болушу же жоктугу жана анын даражасы, жаранын айыгышынын белгилери; жабыркоо бетинде же анын тереңдигинде ар кандай катмарлардын же булгануулардын (көө, майланган, дат баскан, ткандардын фрагменттери, айнек сыныктары ж.б.) болушу; жакын жайгашкан ткандардын абалы (шишик, гиперемия, булгануу ж.б.). Жаракат кылуучу агентти табуу максатында жабыркатуучу объекттин формасын, сырткы мүнөзүн жана башка маанилүү касиеттерин чагылдырган морфологиялык өзгөчөлүктөрүнүн болушун карап чыгуу керек. Билинбеген кан куюлууну аныктоо үчүн дененин тиешелүү (шектүү) аймактары УДИге жөнөтүлөт;
2) тырык (мерч) пайда болгон учурда локализациясы, формасы, өлчөмү, түсү, кармап көргөндөгү катуулугу, кыймылдуулугу, хирургиялык тигиштердин издери, жаракат албаган териге карата жайгашуу деңгээли аныкталат жана сүрөттөлөт;
3) транспорттук травма жана ок атуучу куралдан жаракат алган учурда, тамандын түбүнөн жабыркаган жердин төмөнкү бөлүгүнө чейинки аралык өлчөнөт жана сүрөттөлөт;
4) ок атуучу куралдан келтирилген жаранын кириш тешигинин терисин диагностикалоо жана аны чыгуучу тешиктен айырмалоо максатында, ошондой эле октун аралыгын аныктоо үчүн жабыркаган жердин формасы (тегерек, сүйрү, тилик сымал, жылдыз сымал ж.б.), жаранын четтеринин өлчөмү, мүнөзү (тегиз, тегиз эмес) жана алардын багыты (ичине, сыртына), жарааттын четтеринде радиардык жарылуулардын болушу (порох газдарынын таасиринен), жаранын четтеринде өзгөчө жээктердин (тунаруу, сүртүлүү, металлдашуу) болушу же жоктугу, ткандардын дефекттери, атуунун кошумча факторлору (көө, порох бөлүкчөлөрү), күйүк жана чачтын күйүшү;
5) ар кандай даражадагы жана аянттагы күйүктү пайда кылган ысык буюмдарды же күйүп жаткан тамекилерди, тамекинин калдыктарын колдонгон учурда күйүктүн локализациясы, даражасы жана аянты, теринин абалы сүрөттөлөт (гиперемия, көбүкчөлөр, эпидермистин ажырашы, ачык теринин бети, айыгуу мүнөзү, дерматопластиканын издери);
6) электрошокерди колдонгон учурда күйүк жараатынын локализациясы, мүнөзү, алардын жуптуулугу, алардын ортосундагы аралык, күйүк жараатынын тереңдиги, алардын бетинде кабыктардын болушу же теринин пигменттеринин өчкөн жерлеринин болушу белгиленет;
7) позициялык асфиксия болгон учурда (асуу, чоюу ж.б.) белгилүү бир булчуң топторунун анатомиялык-функциялык касиеттери, алардын проекциясындагы тери кыртыштары ак бозомук, ак-кызгылт тырык түрүндөгү чоюлуу белгилери байкалат;
8) тырыктын жашын аныктоо үчүн тырыктар табылган учурда морфологиялык сүрөттөөдөн тышкары техникалык мүмкүнчүлүк болгондо кан тамырлардын өнүгүшүн аныктоо максатында тырыктын капилляроскопиясы жүргүзүлөт;
9) катуу чайкалганына (кагылган) даттануулар болгон учурда, көздүн торчосунда мүмкүн болгон кан агууларды аныктоо үчүн окулисттин консультациясы жана көздүн карегинин ультрадобуштук изилдөөсү (УДИ) жүргүзүлөт.
Зарыл болгон учурда экспертизадан өтүүчү адам анын маалымдалган макулдугу менен консультацияларды, клиникалык жана инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн дарылоо-диагностикалык уюмга текшерүүгө жиберилет.
87. Дарылоо-алдын алуу уюмдарынын жетекчилери жана дарыгерлери соттук-медициналык экспертиза жүргүзгөн экспертке консультацияларды, клиникалык жана инструменталдык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт. Алынган маалыматтарды эксперт өзүнүн корутундусунда чагылдырат жана тыянактарды чыгарууда колдонот.
88. Клиникалык-диагностикалык текшерүүнүн натыйжалары боюнча алынган медициналык документтер, алардын мазмуну жана текшерүүнүн жыйынтыктары эксперттин корутундусунда чагылдырылат.
89. Соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдө эксперт соттук-медициналык экспертизаны дайындаган орган, кызмат адамы берген медициналык документтердин түп нускасын пайдаланат. Өзгөчө учурларда соттук-медициналык экспертизаны дайындаган орган тарабынан берилген көчүрмөлөрдү жана көчүрмө бөлүктөрдү, эгерде аларда ден соолукка келтирилген зыян жана анын клиникалык жүрүшү жөнүндө толук маалыматтар камтылса, пайдаланууга жол берилет. Бул документтер дарыгердин колу коюлуп, саламаттык сактоо уюмунун мөөрү же экспертизаны дайындаган органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
90. Аялзатына карата сексуалдык зомбулук же бузуку аракеттер жасалганда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен клиникалык протоколдордун жана клиникалык колдонмолордун сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Соттук-медициналык акушердик-гинекологиялык экспертиза өткөрүү эрежелерине ылайык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.
91. Эркектерге карата сексуалдык зомбулук же бузуку аракеттер жасалганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Эркектердин жыныстык абалына соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелерине ылайык соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.
§ 3. Сурамжылоонун жана изилдөөнүн натыйжаларын чечмелөө, тыянактарды чыгаруу
92. Тыянактар (корутундулар) экспертиза процессинде белгиленген объективдүү маалыматтардын, иштин жагдайларын эксперттик талдоонун жана медицина илиминин маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Тыянактар (корутундулар) мүмкүн болушунча атайын медициналык терминдерден алыс болуу менен ачык, конкреттүү баяндалат. Ар бир тыянак боюнча эксперттик пикир жүйөлүү баяндалат, корутундунун кириш жана изилдөө бөлүктөрүнөн келип чыккан факт жүзүндөгү маалыматтар менен негизделет.
93. Соттук-медициналык эксперт соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо камтылган бардык суроолорго жооп берет, буга экспертте чечүү үчүн зарыл маалыматтар жок же анын компетенциясынын чегинен чыккан суроолор кирбейт. Стамбул протоколунун принциптерине ылайык эксперт өзүнүн соттук-медициналык эксперттик корутундусуна кыйноолорду же ырайымсыз мамилени колдонуу ыктымалдыгы жөнүндө тыянактарды киргизүүгө тийиш.
94. Дене жаракаттары кеч кайрылгандыгынан же экспертиза дайындалгандыгынан жана жүргүзүлгөндүгүнөн улам алар айыгып калгандыктан жок болгон учурларда эксперт кыйноолордун кайсы факторлору жана методдору дене жабыркоолордун жоктугун шарттаганын кеңири түшүндүрүүгө тийиш. Эксперт кыйноонун жана ырайымсыз мамиленин кандай методдору денеде көзгө көрүнгөн жаракат калтырбай тургандыгын билиши керек.
95. Эксперттин тыянактары экспертизанын чечүүсүнө коюлган суроолорго жоопторду камтыйт жана ага төмөнкү бөлүктөр кирет:
1) мотивация жана булактар;
2) денедеги жабыркоолордун бар экендиги жөнүндө маалыматтар, алардын түрү, мүнөзү, локализациясы, жабыркоолордун пайда болушунун эскириши, пайда болуу механизми, анын жардамы менен жабыркоолор келтирилген куралдын түрү жана аларды келтирүү ыкмалары, ден соолукка келтирилген зыяндын даражасын аныктоо;
3) аныкталган дене жаракаттары менен экспертизадан өтүүчү адамдын айтып берген кыйноо жана ырайымсыз мамилеге даттануулары менен жаракат алган жагдайларынын ортосундагы шайкештик даражасын аныктоо. Физикалык жабыркоонун жоктугу кыйноолор жана ырайымсыз мамиленин мүмкүн болгонун жокко чыгарбайт;
4) курч мүнөздөгү жана өнөкөт соматикалык симптомдордун таржымалы менен эмгекке жөндөмдүүлүктүн жалпы жоготуусунун ортосундагы кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге даттанууларды кошо алганда, экспертизадан өтүүчү адам тарабынан баяндалган травма алуу жагдайлары менен шайкештик даражасын белгилөө;
5) төмөнкү терминдерди колдонуу менен далилдердин бардык булактарынын (болгон жабыркоолордун морфологиялык мүнөздөмөлөрү, клиникалык-диагностикалык текшерүүлөрдүн натыйжалары менен берилген медициналык документтердин маалыматтары, иштин жагдайлары, фотографиялык далилдер, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени колдонуунун региондук практикаларын билүү) жана ага карата кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени колдонуу жөнүндөгү экспертизадан өтүүчү адамдын арызынын (ырастоосунун) ортосундагы шайкештик жөнүндө корутунду:
- дал келбейт: физикалык симптомдору сүрөттөлгөн травманын натыйжасы болушу мүмкүн эмес;
- дал келет: физикалык симптомдору сүрөттөлгөн травманын натыйжасы болушу мүмкүн, бирок алар өзгөчө эмес жана башка көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн;
- жогору деңгээлде дал келет: жабыркоонун физикалык симптомдору көрсөтүлгөн травманын натыйжасы болушу мүмкүн жана башка мүмкүн болгон себептер аз;
- диагноз коюуга мүмкүндүк берет: жабыркоонун бул тышкы көрүнүшү сүрөттөлгөндөн башка эч кандай башка жол менен келтирилиши мүмкүн эместигин далилдейт;
6) психологдордун жана башка медициналык адистердин жардамын кошо алганда, бир багытта адистештирилген медициналык жардам боюнча андан аркы текшерүүлөр, консультациялар (жолдомолор) боюнча сунуштамалар.
96. Кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин колдонулганы жөнүндөгү билдирүүнү баалоодо, ар бир аныкталган жабыркоолор менен мындай билдирүүлөрдүн ортосундагы дал келүүчүлүк эмес, клиникалык экспертизанын бардык жыйынтыктарына жалпы баа берүү мааниге ээ болот.
97. Көзгө көрүнгөн дене жабыркоолору жок болгон учурда соттук-медициналык эксперт экспертизадан өтүүчү адам айтып берген кыйноолордун методдорунун жана тышкы кароодо жабыркоолордун жоктугунун шайкештик даражасын, ошондой эле алган жарааттарынын эскиргендигине байланыштуу дене жаракаттарынын айыгып калуу/жок болуп кетүү мүмкүндүгүн көрсөтөт.
98. Далилдерге баа берилбеген жана кыйноолорду же ырайымсыз мамиле жасоо ыктымалдуулугу жөнүндө корутунду чыгарылбаган соттук-медициналык экспертиза Стамбул протоколунун принциптерине ылайык келбейт жана толук эмес (дефекттүү) деп эсептелүүгө тийиш.
§ 4. Соттук-медициналык эксперттин корутундусун тариздөө
99. Соттук-медициналык экспертизанын жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эксперт тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен "Кыйноолор жана ырайымсыз мамиле кылуу учурларын документтештирүүдө соттук-медициналык эксперттин корутундусу" формасына (мындан ары - СМЭ корутундусунун формасы) киргизилет.
100. СМЭ корутундусунун формасын толтуруу тиешелүү графаларга маалыматтарды киргизүү же болбосо белги терезесине белги коюу аркылуу жүргүзүлөт.
101. СМЭ корутундусунун формасынын бардык пункттары толтурулууга тийиш.
102. СМЭ корутундусунун формасынын тиешелүү графасын толтуруунун алдында саламаттык сактоо уюмунун аталышы жана дареги, СМЭ корутундусунун формасынын катар номери коюлат.
103. Кыйноонун жана ырайымсыз мамиленин болжолдонгон фактысы менен байланышкан жабыркоолордун болушу же жоктугу мүмкүн болушунча масштабдуу сызгычты колдонуу менен фотографиялык түрдө документтештирилүүгө тийиш. Эгерде сүрөткө тартууну техникалык себептер боюнча аткаруу мүмкүн болбосо, анатомиялык диаграммалар колдонулат.
104. Медициналык документтер берилген учурларда алардан көчүрмө алуу керек. Эгерде алгачкы күбөлөндүрүүдө жабырлануучунун мурдагы жаракаты тууралуу медициналык документтери бар болсо, анда эксперт башында алар менен таанышып, (СМЭ корутундусунун формасынын) изилдөө бөлүгүнө бул документтердеги негизги маалыматтарды киргизиши керек.
105. Көчүрмөнүн көлөмүн эксперт аныктайт, бирок бул көлөм болгон жабыркоолордун пайда болушунун мүнөзү, механизми жана эскириши, ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди чыгаруу үчүн жетиштүү болушу керек. Башка медициналык документтердеги маалыматтар (маалымкат, эмгекке жарамсыздык баракчасы, кошумча текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жана консультациялар) толугу менен кайра жазылат.
§ 5. Соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдө дене жаракаттарын сүрөткө тартуу
106. Сүрөткө тартуу үчүн текшерилүүчүнүн атайын аң-сезимдүү макулдугу зарыл, аны алуу үчүн сүрөткө тартуунун мүнөзүн жана максатын түшүндүрүү керек.
107. Дене жаракатынын түсүн так берүү менен сүрөттөрдү алуу үчүн эталондук түстөрдүн болушу менен масштабдуу сызгыч колдонулат. Масштабдуу сызгыч кадрда объектти көздөй миллиметрдик бөлүнүүлөр менен жайгаштырылат.
108. Төштөн өйдө тартылуучу сүрөттөр нейтралдуу жарык фондо (дубалдын жанында), фондо объекттин көлөкөсү болбошу үчүн тартуу объектин андан бир аз алыстатып тартылат.
109. Эгерде дене жаракаттары бет, моюн тарабында жайгашкан болсо, фотоаппарат сүрөткө түшкөн адамдын көзүнүн деңгээлинде жана бетте кийин бурмалоолорду болтурбоо үчүн ага бир метрден жакын эмес жайгаштырылышы керек. Объективдин оптикалык огу сүрөткө түшкөн адамдын башы алдыга же артка болуп калбашы үчүн көздүн сырткы кыйыгы жана кулактын үстүңкү үчтөн бир бөлүгү аркылуу өтүшү керек.
110. Интимдик фото сүрөттөр жана аларга жетүү мүмкүндүгү протоколго ылайык сакталат.
111. Сүрөттөрдү тартуу үчүн ар кандай түзүлүштөр, анын ичинде смартфондор жана планшеттер колдонулат.
112. Кросс-поляризацияланган жарыктагы сүрөттөр териде из калтырбаган туюк травмадан алынган жабыркоолорду идентификациялоо үчүн колдонулат.
113. Эгерде денедеги жаракат сүрөттө көрүнбөсө, бул болгон эмес дегенди билдирбейт, жок экендигинин мүмкүн болгон себебин түшүндүрүп берүү сунушталат. Сүрөттө жаракаттын жоктугу ал жок болгондой түрдө кабыл алынбашы керек.
4-глава
Зомбулукта, кыйноодо жана ырайымсыз мамиледе соттук-психиатриялык жана комплекстүү психологиялык-психиатриялык экспертизалар өндүрүшү § 1. Соттук-психиатриялык жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана шарттары
114. Соттук-психиатриялык экспертиза (мындан ары - СПЭ) жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза (мындан ары - КСППЭ) тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын токтому, ошондой эле соттун аныктоосу боюнча экспертиза өндүрүшү тапшырылган эксперттик уюм тарабынан жүргүзүлөт.
115. СПЭ жана КСППЭнин негизги максаты болуп СПЭ же КСППЭ дайындалган экспертизадан өтүүчү адамдын психикалык абалын изилдөө жана изилдөөнүн натыйжалары менен зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөрдүн ортосундагы шайкештикти баалоо саналат.
116. СПЭ жана КСППЭ өндүрүшүнө экспертизадан өтүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн ыктыярдуу жана маалымдалган жазуу жүзүндөгү макулдугун алган шартта жол берилет жана экспертизаны өткөрүү түздөн-түз тиешеси жок үчүнчү жактардын катышуусуз толук купуялуулук шарттарында жүргүзүлөт. Үчүнчү жактардын четтетилбеген катышуусу корутундуда көрсөтүлүшү керек.
117. Экспертиза жүргүзүүгө маалымдалган макулдук же маалымдалган баш тартуу эксперт тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча бланкта таризделет.
118. Маалымдалган баш тартуу болгон учурда экспертизадан баш тарткандыгына байланыштуу корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү түзүлөт.
119. Экспертизадан өтүүчү адам же анын мыйзамдуу өкүлү СПЭ же КСППЭ жүргүзүүгө макул болгон учурда эксперт же эксперттер комиссиясы сунуш кылынат, ошондой эле төмөнкүлөр камсыздалат жана кепилденет:
1) үчүнчү жактардын катышуусуз жабык эшик артында текшерүү менен коопсуз кырдаал;
2) экспертизанын өзгөчөлүктөрү жана шарттары жөнүндө маалымдоо;
3) текшерүү үчүн жетиштүү убакыт жана зарыл болгон учурда кайра жолугушуу мүмкүнчүлүгү;
4) физиологиялык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн тыныгуу мүмкүнчүлүгү (даараткананын, суунун ж.б. жеткиликтүүлүгү);
5) ар бир өзүнчө суроого жооп берүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгү;
6) изилдөөнү улантуудан каалаган учурда баш тартуу мүмкүнчүлүгү.
Экспертиза жүргүзүүнүн алдында эксперт экспертизадан өтүүчү адамдын ким экендигин анын ким экендигин аныктаган документтер менен таанышуу аркылуу тактайт. Ким экендиги жөнүндө документтердин жоктугу экспертиза өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт. Мындай учурларда ким экендиги тууралуу маалыматты экспертизадан өтүүчү адамдын өзүнөн же аны коштоп жүргөн адамдардан алышат, бул тууралуу тиешелүү белги коюлат.
120. Экспертизанын өзгөчөлүктөрү жана шарттары жөнүндө маалымдоо менен эксперт же эксперттер комиссиясы экспертизадан өтүүчү адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) экспертиза өткөрүү үчүн негиздер жөнүндө (экспертиза дайындаган органдын (жактын) аныктамасы, токтому);
2) экспертизанын максаттары жана тартиби жөнүндө, ошондой эле талкуулана турган маселелер жөнүндө;
3) алынган маалыматтын купуялуулугун чектөө жөнүндө;
4) экспертизанын жүрүшүндө алынган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
5) экспертизанын жыйынтыктарын сактоонун жана аларга жетүү мүмкүндүгүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө;
6) корутунду даярдоонун мөөнөттөрү жөнүндө;
7) мамлекеттик эмес эксперттердин экспертизага укугу жөнүндө.
§ 2. Соттук-психиатриялык жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү методикасы
121. Зомбулукка, кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге байланыштуу иштер боюнча СПЭ жана КСППЭ өндүрүшүндө изилдөөлөрдүн жана диагностиканын төмөнкүдөй методдору колдонулат:
1) клиникалык-психопатологиялык метод;
2) диагностиканын физикалык методдору;
3) параклиникалык лабораториялык жана инструменталдык методдор;
4) психодиагностикалык методдор.
122. Клиникалык-психопатологиялык метод психологиялык-психиатриялык изилдөөнүн негизги методу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) клиникалык маектешүү методу (суроо);
2) байкоо методу.
123. Клиникалык маектешүү инсандын жекече психологиялык сапаттары, психологиялык феномендери жана психопатологиялык симптомдору жана синдромдору жөнүндө маалымат алуу үчүн психиатр/психолог жана кардар менен жеке байланышта терең маектешүү аркылуу колдонулат. Клиникалык маектешүү аркылуу анамнестикалык маалыматты чогултуу (субъективдүү жана объективдүү анамнез) жана изилдөө учурунда психикалык иштин бузулууларын же өзгөчөлүктөрүн аныктоо жүргүзүлөт.
124. Клиникалык маектешүү ишенимдүү жана ачык түрдө сезимтал жана кылдат баарлашуу стилин колдонуу менен, экспертизадан өтүүчү адамдын инсандыгына жана анын тынчсыздануусуна көңүл буруу жана урматтоо, сыноого жана айыптоого жол бербөө менен, боор ооругандыгын, суралып жаткан адамдын маданий өзгөчөлүктөрүн жана салттарын билгендигин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
Маектешүү кайра психикалык травма алуу коркунучун азайтууга жана бүткүл суроо убагынын ичинде экспертизадан өтүүчү адамдын эмоционалдык тең салмактуулугун жана кырдаалды көзөмөлдөө сезимин сактоого мүмкүндүк берүүчү жол менен жүргүзүлүшү керек. Керектүү маалыматтарды чогултууну мүмкүн болушунча багыттоочу суроолорду колдонууну жокко чыгарып, "ачык" суроолорду колдонуу менен жүргүзүү сунушталат. Клиникалык маектешүү камакка алуу, зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле менен байланышкан окуялардын хронологиялык ырааттуу сүрөтүн алгандай түрдө жүргүзүлүшү керек.
125. Төмөнкүлөргө байкоо жүргүзүлүүгө тийиш:
1) сүйлөө актылары (үндүн катуулугу, интонациясы, темпи, мазмуну, ырааттуулугу, ылдамдыгы, узактыгы ж.б.);
2) эмоциялык реакциялар (мимика, жүздүн, көздүн, дененин абалы, ыйлоо, күлүү ж.б.);
3) кыймыл-аракет реакциялары (аракеттер, манералар, жоруктар, жүрүм-турум ж.б.);
4) соматовегетативдик реакциялар (теринин кызарышы, кубарышы, тердөө ж.б.);
5) жалпы активдүүлүк (айланасындагылар менен өз ара мамилеси, ишке жөндөмдүүлүгү ж.б. өзгөчөлүктөр).
126. Клиникалык маектешүү жана байкоо стационардык, ошондой эле амбулаториялык СПЭ/КСППЭ жүргүзүүдө колдонулат. Стационардык шарттарда дарыгердин байкоосу медициналык айымдардын жана кенже медициналык персоналдын байкоолору менен толукталат.
127. Физикалык изилдөө методдоруна жалпы текшерүү, аускультация, пальпация, перкуссия кирет. Изилдөөнүн физикалык методдору стационардык жана амбулатордук шарттарда текшерилүүчү адамдардын соматикалык жана неврологиялык абалын текшерүү үчүн колдонулат.
128. Кароодо жана физикалык текшерүүдө берчтер жана тырыктар, күйүктөрдүн, тиштердин, өзүн-өзү кесүүнүн, инъекциялардын издери түрүндө теринин ар кандай жабыркоолорунун издерин табууга өзгөчө көңүл бурулат. Органдарды жана системаларды физикалык изилдөө ден соолукка даттанууларды жана дем алуу, жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү, заара-жыныс органдарынын жана башка системалардын функцияларынын объективдүү байкалган бузулууларын аныктоону камтыйт. Күнүмдүк неврологиялык изилдөөнү жүргүзүү борбордук жана четки нерв системасынын органикалык жабыркашынын белгилерин аныктоого багытталган (неврологиялык микросимптоматика же очоктуу симптоматика).
129. Параклиникалык лабораториялык жана инструменталдык изилдөө методдору психикалык бузулуулардын соматикалык же неврологиялык себептерин тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн колдонулат. Мындай методдорго төмөнкүлөр кирет: нейрофизиологиялык методдор (электроэнцефалография, магнитоэнцефалография), нейровизуализация методдору (магниттик-резонанстык томография, компьютердик томография, позитрондук-эмиссиондук томография), биологиялык суюктуктарды клиникалык, биохимиялык, токсикологиялык изилдөөлөр, ошондой эле генетикалык изилдөөлөр. Бул методдор көбүнчө стационардык СПЭ/КСППЭ өндүрүшүндө колдонулат.
130. Психологиялык изилдөөнүн негизги методдору байкоо жүргүзүү, маектешүү (аңгемелешүү) жана психикалык феномендерди жана процесстерди, ошондой эле инсандын касиеттерин сандык жана сапаттык баалоого багытталган психодиагностикалык методдорду колдонуу болуп саналат.
Психодиагностикалык методдорго тестирлөө жана анкеталарды колдонуу кирет. Бир тектүү СПЭнин алкагында психологиялык изилдөө изилдөөнүн кошумча методу болуп саналат жана аны жүргүзүүгө көрсөтмөнү эксперт - соттук психиатр аныктайт. КСППЭнин алкагында психологиялык изилдөө экспертизанын өз алдынча компоненти болуп саналат жана аны жүргүзүү тергөө судьясынын, соттун, тергөөчүнүн комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизаны дайындоо жөнүндө токтому менен аныкталат. Психологиялык изилдөө үчүн методикалык материал эксперт-психологдордун алдына коюлган конкреттүү милдеттерге жана экспертиза жүргүзүү шарттарына жараша тандалат. Бирок, психологиялык тесттерди/анкеталарды колдонуудан мурун эксперт алардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле белгилүү бир кырдаалдарда кыйноолордун курмандыктарына мүмкүн болгон терс таасирин эске алуу менен канчалык ылайыктуу экендигин өзгөчө баалашы керек. Инсанды психологиялык тестирлөө башка маданияттын өкүлдөрүнө карата колдонулбайт.
§ 3. Жыйынтыктарды чечмелөө жана тыянактарды чыгаруу
131. Алынган маалыматтарды чечмелөөдө психиатр эксперттер клиникалык аргументтерди гана жетекчиликке алат жана өздөрүнүн диагностикалык пикирлеринде клиникалык фактыларга гана таянат. Эксперттер-психологдор өз пикирлеринде клиникалык жана клиникалык эмес (психологиялык) фактыларды жана аргументтерди жетекчиликке алат.
132. Бардык аныкталган клиникалык жана клиникалык эмес (психологиялык) фактылар толук сүрөттөлөт жана аларды чечмелөө болжолдонгон зомбулуктун, кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин баяндалган жагдайлары бар жыйындысында жүргүзүлүшү керек.
133. Психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуунун диагнозу учурдагы кайра кароонун аныкталган симптоматикасы оорулардын эл аралык классификациясы (ОЭК) боюнча психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулардын критерийлерине ылайык келгенде гана коюлат, мында бир нече диагноз коюуга болот.
134. Ар бир диагноз ОЭКда баяндалган психикалык бузулууларды диагностикалоо критерийлерине дал келген тиешелүү клиникалык фактылар жана аргументтер менен негизделүүгө тийиш.
135. Диагнозду негиздөө соттук-психиатриялык эксперттик изилдөөнүн зарыл болгон маанилүү бөлүгү болуп саналат жана анын жок болушу эксперттик изилдөөнүн илимий, толук жана ар тараптуулугун одоно бузуу катары каралууга тийиш.
136. Психиатриялык диагноздун жоктугу адам зомбулукка, кыйноолорго же ырайымсыз мамилеге кабылган эмес дегенди билдирбейт.
КСППЭ учурларында психиатриялык диагноздун жоктугу сөзсүз түрдө зомбулукка, кыйноолорго жана ырайымсыз мамилеге жеке психологиялык реакцияны чагылдырган, экспертизадан өтүүчү адамдын психикалык абалы жөнүндө негизделген психологиялык корутундунун болушун болжолдойт. Корутундунун жүйөлөштүрүү бөлүгүндө табылган бардык карама-каршылыктар каралууга жана шайкеш келбөөнүн мүмкүн болгон себептерин түшүндүргөн эксперттик баа берилүүгө тийиш.
137. Эксперттик тыянактар аныкталган клиникалык жана психологиялык фактыларга негизделет жана төмөнкүдөй түрдө таризделет:
1) экспертизада чечүүгө коюлган суроолорго жооптор;
2) клиникалык жана клиникалык эмес (психологиялык) фактылар менен болжолдонгон зомбулуктун, кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин ортосунда байланыш түзүү;
3) психологиялык-психиатриялык изилдөөнүн натыйжаларынын зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөргө шайкештик даражасын төмөнкү классификацияга ылайык белгилөө:
- шайкеш келбейт (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн эмес);
- шайкеш келет (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн, бирок алар өзгөчө эмес жана башка көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн);
- шайкештиктин жогорку деңгээли (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн, адатта болжолдонгон зомбулуктун, кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин натыйжасында ачылат жана башка мүмкүн болгон себептер көп эмес);
- "диагноз коюуга мүмкүндүк берет" (аныкталган психикалык бузулуулар зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиледен тышкары, башка себептерден улам болушу мүмкүн эмес).
138. Психикалык-психиатриялык экспертизанын маалыматтары менен зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөрдүн шайкештиги башынан өткөн психикалык травма менен адамдын жалпы психологиялык/психиатриялык абалынын ортосунда логикалык байланыштын бар экендигин билдирет.
139. Жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча эксперттер экспертизадан өтүүчү адамды андан ары изилдөө, дарылоо жана реабилитациялоо боюнча өз сунуштамаларын түзөт.
Дарылоо зарыл болгон учурларда эксперт экспертизаны жүргүзүү кандай себептен улам суралгандыгына карабастан, экспертизадан өтүүчү адамды тиешелүү адиске жиберет.
§ 4. Эксперттин (эксперттер комиссиясынын) корутундусун тариздөө
140. Соттук-психиатриялык жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалардын натыйжалары эксперт тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен "Зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени жасоодо соттук-психиатриялык жана комплекстүү соттук психологиялык-психиатриялык экспертизанын корутундусу" формасына (мындан ары - СПЭ/КСППЭ корутундусунун формасы) киргизилет.
141. СПЭ/КСППЭ корутундусунун формасын толтуруу тиешелүү графаларга жазууларды киргизүү же болбосо белгинин графасына белги коюу аркылуу жүргүзүлөт.
142. СПЭ/КСППЭ корутундусунун формасынын бардык пункттары толтурулууга тийиш.
143. "Киришүү бөлүгү" бөлүмүндө төмөнкү маалыматтар берилет:
1) эксперттик уюмдун аталышы, экспертиза жүргүзүлгөн жер, убакыт;
2) экспертизаны дайындаган адам жөнүндө маалыматтар менен экспертиза жүргүзүү үчүн негиз;
3) экспертизадан өтүүчү адамдын аты-жөнү, жашы, жынысы, анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
4) экспертизадан өтүүчү адамдын эркиндигин чектөө жөнүндө маалыматтар;
5) котормочуга муктаждык жана котормочуну берүү жөнүндө маалыматтар, котормочунун аты-жөнү, котормочунун ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, котормонун тилдери жөнүндө маалыматтар;
6) жазуу жүзүндөгү маалымдалган макулдук/баш тартуу жөнүндө маалыматтар;
7) аты-жөнүн, адистигин/кызмат ордун, иш стажын, квалификациялык категориясын, окумуштуулук даражасын/наамын көрсөтүү менен эксперт (эксперттер) жөнүндө маалыматтар;
8) зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени жасоо учурларын документтештирүү тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар;
9) корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн, ошондой эле атайын жалган корутунду бергендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертүү тууралуу белги;
10) экспертизанын жагдайлары жана чектөөлөрү жөнүндө маалыматтар (убакыттын жетишсиздиги, купуялуулуктун жоктугу ж.б.);
11) аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана экспертиза жүргүзүү учурунда жайдан чыгып кетүү зарылдыгы жөнүндө эскертүү тууралуу белги менен, экспертизага катышкан үчүнчү жактар жөнүндө маалыматтар;
12) экспертизада чечүүгө коюлган маселелер;
13) изилдөө үчүн берилген материалдар;
14) пайдаланылган материалдар жана изилдөө/баалоо методдору.
144. Корутундунун "Изилдөө бөлүгүндө" төмөнкүлөр баяндалат:
1) анамнестикалык маалыматтар;
2) билдирилген зомбулук жөнүндө маалыматтар;
3) физикалык, неврологиялык жана психикалык абалды текшерүүнүн натыйжалары;
4) психологиялык изилдөөнүн натыйжалары.
145. "Анамнестикалык маалыматтар" бөлүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) болжолдонгон зомбулукка кабылганга чейинки психосоциалдык анамнез;
2) медициналык анамнез (мурдагы оорулары жана тукум куучулук);
3) психиатриялык анамнез;
4) психоактивдүү заттарды пайдалануу/кыянаттык менен пайдалануу анамнези;
Бул бөлүмдө баяндалган бардык маалыматтар иштин жана медициналык документтердин барактарын, даталарын, уюмдардын аталыштарын, маалымат берүүчүлөрдүн фамилияларын ж.б. көрсөтүү менен маалыматтын булагына (иштин материалдары, медициналык документтер, соттук-медициналык, психологиялык-психиатриялык корутундулар) так жана деталдуу шилтемелер менен коштолууга тийиш. Анамнестикалык маалыматтар экспертизадан өтүүчү адамдын жашоосундагы окуялардын биографиялык ырааттуулугун чагылдырган хронологиялык тартипте баяндалат.
146. Болжолдонгон зомбулукка чейинки психосоциалдык анамнез эксперттер тарабынан топтолгон изилденүүчү адамдын балалык мезгилиндеги өнүгүүсү, өспүрүм жана жаш кезиндеги мүнөзүнүн жана жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, экспертизадан өтүүчү адамдын билими, эмгеги жана үй-бүлөлүк анамнези жөнүндө субъективдүү (экспертизадан өтүүчү адамдын сөзү боюнча) жана объективдүү (туугандарынын сөзү, медициналык документтер, мүнөздөмөлөр боюнча ж.б.) маалыматты камтыйт.
Ошондой эле мурда болгон психикалык травмалар (үй-бүлөдөгү зомбулук, аскердик иш-аракеттер учурундагы травмалар, сексуалдык зомбулук ж.б.), тигил же бул маданий же диний топко таандык болуу, текшерүү учурунда жашоосунун социалдык-тиричилик шарттары жөнүндө маалыматты да камтыйт.
147. Медициналык анамнез мурдагы оорулары (жүрөк-кан тамыр, эндокриндик, неврологиялык ж.б.), баш мээ жаракаттары, хирургиялык кийлигишүүлөр ж.б. жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тукум куучу ооруларга, дары каражаттарынын терс таасирлерине, сексуалдык анамнезге тиешелүү маалыматтарды камтыйт.
148. Психиатриялык анамнез анамнездеги психикалык бузулуулар, психиатрлардын байкоосунда болуу, психиатриялык стационарларга жаткыруу, дарылоо үчүн психотроптук препараттарды колдонуу жөнүндө маалыматты камтыйт.
149. Психоактивдүү заттарды пайдалануу/кыянаттык менен пайдалануу анамнезинде психоактивдүү заттарды пайдаланууга жана кыянаттык менен пайдаланууга тиешелүү маалыматтар, аларды ичүү ыкмаларын, жыштыгын, дозаларын жана аларды колдонуу максатын (мисалы, уйкусуздукка, ооруга же психологиялык/психиатриялык ооруларга каршы күрөшүү) толук баяндоону кошкондо, рецепт менен берилүүчү баңги жана психотроптук препараттар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле химиялык көз карандылыктан дарылоо учурлары камтылат.
150. "Билдирилген зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө маалыматтар" бөлүмү баштан өткөн зомбулуктун, кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин бардык деталдарын хронологиялык ырааттуулукта максималдуу толук сүрөттөөнү камтыйт, анын ичинде:
1) болжолдонгон зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин так белгиленген датасы жана убактысы, экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин өткөн убакыт;
2) каралган окуядан мурдагы жагдайлардын (саясий, социалдык, диний мотивдер боюнча куугунтуктоо жана басмырлоо, арест/камакка алуу ж.б.) сүрөттөлүшү;
3) транспорт каражаттарын кармоодо, пайдаланууда кармоо убактысын, жерин жана жеткирүү пунктун деталдуу тактоо менен кармоонун жагдайларын толук сүрөттөө. Кармоо, зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле ким тарабынан жасалгандыгын; кармоонун расмий камакка алуу, административдик кармоо же уурдоо болгондугун; ким экендигин белгилөө жол-жобосу (жеке маалыматтарды каттоо, манжа изин алуу, сүрөткө тартуу ж.б.) жүргүзүлгөндүгүн тактоо жана белгилөө зарыл;
4) зомбулуктун, кыйноолордун методдорун толук сүрөттөө. Кыйноолордун ар бир куралы (муштум, бут, электрошокер, союл, пакет ж.б.) такталууга жана сүрөттөлүүгө тийиш; сексуалдык зомбулук жөнүндө билдирүү өзүнчө сүрөттөөнү (зомбулуктун формасы, жыштыгы ж.б.) талап кылат;
5) зыян келтирилген дененин абалын жана жерин, зыяндын жыштыгын, контакттын мүнөзүн жана узактыгын, иммобилизация каражаттарын колдонуу, кол кишендерди, көз таңгычтарды колдонуу, чечинүүгө мажбурлоо;
6) талаптардын тематикасы (документтерге кол коюу, кимдир бирөө же бир нерсе жөнүндө маалыматтарды билдирүү ж.б.);
7) мамиленин өзгөчөлүктөрү, мазактоо, коркутуу ж.б. түрүндөгү психологиялык зомбулук;
8) кармоо шарттары: киши өтө көп болгон же жалгыз камерада (өлчөмү, жарыктандыруу, желдетүү, температура, жыттар, уктоочу жайдын болушу жана тамак-ашты, сууну алуу жана дааратканага кирүү, курт-кумурскалардын, кемирүүчүлөрдүн болушу); медициналык тейлөөнү пайдаланууга мүмкүн болдубу, үй-бүлө мүчөлөрү, адвокаттар менен байланышууга мүмкүн болдубу.
151. Зомбулуктан, кыйноолордон, ырайымсыз мамиледен кийинки мезгил жөнүндө маалыматта төмөнкүлөрдү сүрөттөгөн маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ушул текшерүү учурунда жашоо жагдайлары (стресс-факторлордун болушу, социалдык иштөө өзгөчөлүктөрү жана сексуалдык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр);
2) үй-бүлөгө жана социумдагы мамилелерге, билимге, жумушка, финансылык абалга, саясий көз караштарга, ишке, диний ишенимге, келечекке болгон пландарга кандай таасирин тийгизгендигин иллюстрациялоо менен башынан өткөргөн зомбулуктун, кыйноолордун, ырайымсыз мамиленин социалдык кесепеттери;
3) зомбулуктан, кыйноолордон жана ырайымсыз мамиледен (симптомдордун пайда болушу жана өнүгүшү, анын ичинде симптомдордун курчушуна же редукциясына өбөлгө түзүүчү психоактивдүү заттарды жана факторлорду колдонуу (көз карандылык)), ошондой эле зомбулуктан, кыйноолордон жана ырайымсыз мамиледен кийин экспертизадан өтүүчү адамга көрсөтүлгөн жардамдан (укуктук, медициналык, социалдык) кийин пайда болгон психикалык бузулуулар.
152. Клиникалык текшерүү эксперттик изилдөөнүн маанилүү бөлүгү жана экспертизадан өтүүчү адамдын физикалык, неврологиялык жана психикалык абалына тиешелүү клиникалык жана субклиникалык фактыларды алуу үчүн негиз болуп саналат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жалпы текшерүү;
2) органдарды жана системаларды физикалык текшерүү;
3) экспертизадан өтүүчү адамдын даттанууларын жана терс тынчсызданууларын (жапа чегүү) аныктоого багытталган клиникалык интервью.
"Клиникалык текшерүү" бөлүмүндө экспертизадан өтүүчү адамдын соматикалык (физикалык), неврологиялык жана психикалык абалын текшерүүнүн натыйжалары берилет. СПЭ жүргүзүлгөн учурда бул жерде психологиялык изилдөөнүн натыйжалары баяндалат.
153. Соматикалык абалдын сүрөттөлүшүндө ден соолугуна даттануулар, органдарды жана системаларды жалпы текшерүүнүн жана физикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларынын, ошондой эле изилдөөлөрдүн лабораториялык жана инструменталдык методдорунун натыйжаларынын сүрөттөлүшү, адистердин консультациялары камтылат.
Бул бөлүмдө төмөнкүлөр милдеттүү түрдө сүрөттөлүүгө тийиш:
1) теринин жабыркоосу (көгөргөн жерлер, сыйрылган жерлер, жаралар), анын ичинде жабыркоодон калган тактар (анын ичинде өзүн өзү кесүүдөн шрамдар, тырыктар), инъекциянын издери, былжырдын жабыркашы (көгөргөн жерлер, тиштеген жерлер ж.б.), татуировкалар;
2) сөөк-булчуң системасынын абалы (сыныктар, деформация ж.б.);
3) дем алуу органдарынын абалы (дем алуу жыштыгы, өпкөнүн кырылдоосу ж.б.);
4) жүрөк-кан тамыр системасынын абалы (пульстун ылдамдыгы, кан басымы ж.б.);
5) тамак сиңирүү системасынын жана ашказан-ичегинин абалы (ичтин жумшактыгы, боордун өлчөмү, ич катуу ж.б.);
6) заара-жыныс системасынын абалы (бөйрөк оорусунун симптому, диурез ж.б.).
Лабораториялык (канды, заараны ж.б. изилдөө) жана инструменталдык (рентгенография, ультра үн аркылуу текшерүү ж.б.) изилдөөлөрдүн натыйжалары өзүнчө баяндалууга тийиш.
154. Неврологиялык абалдын сүрөттөлүшү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) неврологиялык мүнөздөгү даттануулардын баяндалышы (баш оору, сезгичтиктин, координациянын бузулушу ж.б.);
2) аң-сезимдин абалынын сүрөттөлүшү (тунук, аң сезимдин чаташуусу, ступор, сопор, кома);
3) баш мээнин нервдеринин функцияларынын жана алардын бузулушунун сүрөттөлүшү;
4) рефлекстерди жана алардын өзгөрүүлөрүн, эрксиз кыймылдардын сүрөттөлүшү;
5) пирамидалык жана экстрапирамидалык бузулуулардын сүрөттөлүшү;
6) координациянын бузулушунун сүрөттөлүшү;
7) сезгичтиктин бузулушунун сүрөттөлүшү;
8) жогорку мээнин функцияларынын (сүйлөө, гнозис, праксис ж.б.) бузулушунун сүрөттөлүшү.
Лабораториялык (жүлүн суусун изилдөө ж.б.) жана инструменталдык (томография, ультра үн аркылуу текшерүү ж.б.) изилдөөлөрдүн натыйжалары өзүнчө баяндалууга тийиш.
155. Психикалык абалды феноменологиялык (сүрөттөө) формада сүрөттөөдө клиникалык интервьюнун жана экспертизадан өтүүчү адамдын байкоолорунун натыйжалары баяндалат. Төмөнкүлөр милдеттүү түрдө сүрөттөөнү талап кылат:
1) тышкы көрүнүшү;
2) кыймылынын активдүүлүгү;
3) сүйлөө өзгөчөлүктөрү жана колдонулган лексика;
4) айланага жана өзүнүн ким экендигине болгон ориентири;
5) изилдөө кырдаалындагы жүрүм-туруму;
6) кыжырын келтирген факторлорго реакциясы;
7) сүйлөө, көрүү жана эмоционалдык контакт;
8) эксперт менен өз ара аракеттенүү жөндөмдүүлүгү;
9) көңүл буруу даражасы;
10) маанайынын фону (субъективдүү жана объективдүү баалоо) жана эмоционалдык реакциялары;
11) ой жүгүртүүсүнүн өзгөчөлүктөрү (ой жүгүртүүнүн темпи, өндүрүмдүүлүгү, адекваттуулугу жана критикалуулугу);
12) эс тутумунун өзгөчөлүктөрү (узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү эс тутум);
13) интеллектинин өзгөчөлүктөрү (билим деңгээли, маалыматты колдонуунун натыйжалуулугу ж.б.);
14) эркинин өзгөчөлүктөрү (жүрүм-турумун контролдоо, чыдамкайлык, жүрүм-турумдун импульсивдүүлүгү ж.б.).
156. "Аң-сезими тунук", "интеллекти жана эс-тутуму нормалдуу" "өзгөчөлүктөрү жок эмоциялар (ой жүгүртүү, жүрүм-турум)" сыяктуу баалоо формулировкаларын далилсиз колдонууга жол берилбейт; ар бир мындай ой-пикир экспертизадан өтүүчү адамдын конкреттүү билдирүүлөрү, реакциялары жана иш-аракеттери менен ырасталууга (иллюстрацияланууга) тийиш.
157. Психикалык статуста төмөнкүлөр өзүнчө жана толук баяндалат:
1) экспертизадан өтүүчү адамдын башынан өткөргөн зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө баяны;
2) анын зомбулук, кыйноолор учурундагы жана андан кийинки тынчсызданууларынын сүрөттөлүшү.
Ошол эле учурда төмөнкүлөр саналууга жана сүрөттөлүүгө тийиш:
1) ден соолугуна даттануу;
2) экспертизадан өтүүчү адамдын тынчсыздануусун өзү айтып берген, тырмакчага алынган сөздөрүн иллюстрациялоо менен башынан өткөн тынчсыздануулары;
3) зомбулукка жана кыйноолорго байланышкан сенсордук, аффективдүү, когнитивдик жана жүрүм-турум бузулуулары, анын оордугу, жыштыгы, бул симптомдор тигил же бул конкреттүү диагнозду коюуга мүмкүндүк бере тургандыгына карабастан белгилер пайда болгон учур жана убакыттын өтүшү менен анын өнүгүшү;
4) эмоциялык тынчсызданууну (чочулоо, коркуу, капалануу), травмалык окуяларды кайра баштан өткөрүү жана качуу реакциясын пайда кылуучу факторлор;
5) невротикалык (мисалы, травманы кайра башынан өткөрүү, коркуу, качуу реакциясы, флешбэктер ж.б.) жана психотикалык (мисалы, галлюцинация, жөөлүү ж.б.) мүнөздөгү симптомдор, алар синдромдук так аныкталууга тийиш;
6) ооруксунуу бузулууларынын динамикасы (жыштыгы, узактыгы, интенсивдүүлүгү) оң же терс жагына;
7) өзүн кандай сезип жаткандыгын сүрөттөөдө уйкусунун сапаты, табитинин бузулушу жана жаппы жашоо тонусунун төмөндөшү (астения) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
158. Социалдык жактан иштөөсүн сүрөттөөдө төмөнкүлөр берилүүгө тийиш:
1) экспертизадан өтүүчү адамдын өзүнүн социалдык ролдорду (күйөөсү/аялы, окуучу, кызматкери катары) аткарууга жөндөмдүүлүгүн баалоосу;
2) ден соолугунун абалына, келтирилген зыянга жана башынан өткөн зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин кесепеттерин субъективдүү баалоо.
Психикалык статустун сүрөттөлүшү кийинки талдоо, синдромдук жана нозологиялык диагностиканын критерийлерине шайкеш келтирүү үчүн аныкталган симптомдордун жана феномендердин психопатологиялык квалификациясы менен аяктайт.
159. СПЭни жүргүзүүдө психологиялык изилдөөнүн натыйжалары психикалык статуска тиркеме түрүндө, анда колдонулган методикаларды саноо, алынган натыйжаларды (санариптик маалыматтарды) баяндоо менен жана аларды ар бир тест/анкета боюнча аларды түшүндүрүү менен таризделет.
160. КСППЭни жүргүзүүдө психологиялык изилдөөнүн натыйжалары өзүнүн изилдөө, жүйөлөштүрүү бөлүктөрү, тыянактары жана сунуштамалары менен өзүнчө корутунду түрүндө таризделет.
161. "Жүйөлөштүрүү бөлүгү" бөлүмүндө:
1) диагнозду (диагноздорду) жана тыянактарды негиздөө клиникалык психиатриялык изилдөөнүн натыйжасында аныкталган жана психикалык бузулуунун (бузулуулардын) бар экендигин күбөлөндүргөн клиникалык фактыларга (далилдерге) таянуу менен жүргүзүлөт. Психикалык бузулуулар жок болгон учурда психологиялык тыянактардын негиздемеси чыгарылат жана баяндалат;
2) эксперттердин бардык баалоо ой-пикирлери (фактыларды түшүндүрүү жана жалпылоо) баяндалат;
3) фактыларда жана билдирүүлөрдө аныкталган карама-каршылыктар түшүндүрүлөт;
4) келечекте экспертизадан өтүүчү адамдын психикалык абалына тийгизүүсү мүмкүн болуучу таасирин болжолдоо менен экспертизадан өтүүчү адамга таасир этүүнү улантуучу стресс-факторго баа берилет.
162. "Тыянактар жана сунуштамалар" бөлүмүндө эксперттердин чечүүсүнө коюлган суроолорго жооптор берилет.
Бул бөлүмдө психикалык бузулуу (бузулуулар) менен болжолдонгон зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоонун ортосундагы байланыш да түзүлөт, ошондой эле психиатриялык текшерүүнүн жана психологиялык изилдөөнүн маалыматтарынын болжолдонгон зомбулук, кыйноолор, ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөргө Стамбул протоколунда белгиленген классификацияга ылайык төмөнкү түрдөгү шайкештик даражасы белгиленет:
1) шайкеш келбейт (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн эмес);
2) шайкеш келет (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн, бирок алар өзгөчө эмес жана башка көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн);
3) шайкештиктин жогорку деңгээли (психологиялык тынчсыздануу же психикалык бузулуу сүрөттөлгөн окуядан улам болушу мүмкүн, адатта болжолдонгон зомбулуктун, кыйноолордун же ырайымсыз мамиленин натыйжасында ачылат жана башка мүмкүн болгон себептер көп эмес);
4) "диагноз коюуга мүмкүндүк берет" (аныкталган психикалык бузулуулар зомбулук, кыйноолор же ырайымсыз мамиледен тышкары, башка себептерден улам болушу мүмкүн эмес).
163. Ушул эле бөлүмдө эксперттер кийин текшерүү, дарылоо, реабилитациялоо же экспертиза ж.б. боюнча сунуштамаларды түзөт.
164. СПЭ корутундусуна экспертиза жүргүзүүгө катышкан бардык эксперт-психиатрлар кол коет.
165. СПЭ жана КСППЭ өндүрүшүнүн ушул эрежелеринин талаптары өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал мезгилинде да өз күчүн сактайт.
Көрсөтүлгөн жагдайлар (ӨК жана ӨА) 14-пунктта экспертизанын жагдайлары жана чектөөлөрү катары ("Башка") жана 21-пунктта болжолдуу зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо жери катары ("Башка") СПЭ/КСППЭ корутундусунун формасында көрсөтүлүшү мүмкүн.
5-глава
Зомбулуктун, кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин болжолдонгон учурларын аныктоодо, каттоодо жана маалымдоодо саламаттык сактоо уюмдарынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү § 1. Эсепке алуу жана маалымдоо тартиби
166. Саламаттык сактоо уюмдары менчигинин түрүнө карабастан бардык фактыларды каттайт жана бул жөнүндө өздөрү иштеген райондогу аймактык прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук органдарына же ички иштер органдарына токтоосуз түрдө билдирет:
1) кызмат адамы же расмий катары чыккан башка адам тарабынан же алардын азгыруусу, же алардын билүүсү же унчукпаган макулдугу менен колдонулган кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө адамдардын кайрылуулары (келип түшүүлөрү);
2) мыйзамда белгиленген тартипте эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларындагы адамдарга баруу, аларды эркиндигинен ажыратуунун жана чектөөнүн башка жайларына которуу учурунда денесинде жаракаттар табылганда жана ден соолугуна башка зыян келтирилгенде;
3) адам укук коргоо органдарынын карамагында болгон эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен коштолгон окуяларга катышкан учурда каза болгондо же ден соолугуна зыян келтирилгенде.
167. Күч колдонуунун натыйжасында денесинен жаракат алган же ден соолугуна башка зыян келтирилген адамдардын кайрылууларынын (келип түшүүлөрү) башка бардык фактыларын саламаттык сактоо уюмдары каттайт жана алар иштеген райондогу аймактык ички иштер органына токтоосуз түрдө билдирет.
168. Эгерде адам табылган дене жаракаттарынын жана ден соолукка келтирилген башка зыяндын күч колдонуу мүнөзү жөнүндө билдирбесе же билдире албаса, саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери дене жаракаттарынын этиологиясын жана патогенезин, абалын билүүнүн негизинде зомбулуктун же кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин натыйжасында ден соолукка зыян келген деп болжолдоого жетиштүү негиздер барбы жана бул факты жөнүндө тиешелүүлүгүнө жараша прокуратура же улуттук коопсуздук органдарына, ички иштер органдарына билдирүүгө милдеттүүбү деген чечимди кабыл алат.
169. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери өзүнүн буйругу менен зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо боюнча адамдардын саламаттык сактоо уюмуна кайрылгандыгы (келип түшүүсү) жөнүндө прокуратура же улуттук коопсуздук органдарына, ички иштер органдарына өз убагында маалымдоого жеке жооптуу кызмат адамдарын аныктайт. Лицензиянын негизинде жеке практика жүргүзгөн жеке жактар зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле боюнча адамдардын кайрылуулары (келип түшүүсү) жөнүндө фактыларды өз алдынча билдирет.
170. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын, анын ичинде убактылуу кармоочу изоляторлордун, тергөө изоляторлорунун, пенитенциардык мекемелердин медициналык кызматкери адам эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында болгон учурда кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин колдонулгандыгы, каза болгондугу же ден соолугуна зыян келтирилгендиги жөнүндө даттануу менен кайрылуусу (келип түшкөн) тууралуу маалыматты ушул Эрежелерде каралган тартипте, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайы болуп саналган мекеменин жетекчисине маалыматтын берилгендигине, берилбегендигине карабастан, прокуратура же улуттук коопсуздук органдарына билдирүүгө милдеттүү.
171. Саламаттык сактоо уюмуна зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо боюнча адамдардын кайрылуусу (келип түшүүсү) жөнүндө маалымат прокуратуранын аймактык органдарына, улуттук коопсуздук органдарына же ички иштер органдарына телефонограмма түрүндө, ал эми телефон байланышы жок болсо - ар кандай башка жеткиликтүү ыкма менен берилет.
172. Билдирүүнү берген медициналык кызматкердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана билдирүүнү кабыл алган прокуратура органынын, улуттук коопсуздук органынын же ички иштер органынын нөөмөт кызматкеринин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду саламаттык сактоо уюмунда Зомбулук боюнча кайрылган адамдарды каттоо журналына белгиленет.
173. Журнал же андан көчүрмө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу, зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо учурларын териштирүү үчүн жооптуу органдын расмий жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берилет.
174. Зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле боюнча саламаттык сактоо уюмуна кайрылган (келген) адамдын абалынын мүнөзү жөнүндө маалыматтардын тууралыгын жана толуктугун пациентти медициналык кароодон өткөргөн медициналык кызматкер, ошондой эле саламаттык сактоо уюмунун прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук органдарына же ички иштер органдарына өз убагында маалымдоо милдети жүктөлгөн кызмат адамы камсыз кылат.
175. Соттук эксперттер өздөрүнүн же берилген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон процесстин катышуучуларынын демилгеси боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн кайрылуунун натыйжасында аларга белгилүү болгон зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоонун болжолдонгон бардык учурлары жөнүндө жана кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан ар кандай башка учурларда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органга билдирүүгө милдеттүү.
§ 2. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдардын зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо боюнча билдирүүлөр келип түшкөндөгү иш-аракеттери
176. Прокуратура органдарында, улуттук коопсуздук органдарында жана ички иштер органдарында зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана текшерүү тартиби Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
§ 3. Контроль жана көзөмөл
177. Саламаттык сактоо уюмдарынын, алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан зомбулукту, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени медициналык документтештирүүгө байланышкан медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
178. Иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелери жана уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2012 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 562 "Зомбулукту, кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган…Постановление · 13.09.2024 · № 562
- Электрондук колтамга жөнүндөЗакон · 19.07.2017 · № 128 · Күчүн жоготкон