# Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кум-Дөбө айыл аймагындагы бала бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө" №35/2 токтому

- Толук аталышы: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кум-Дөбө айыл аймагындагы бала бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө" №35/2 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/2
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33120/edition/17569/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы "Кум-Дөбө айыл аймагындагы бала бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө" №35/2 токтому (05.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014932

---

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы

2024-жылдын 5-сентябры № 35/2 Кум-Дөбө айыл аймагындагы бала бакчаларга кошумча тайпа ачуу жөнүндө

Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майы №229-токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация

жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесине ылайык, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

Кум-Дөбө айыл аймагындагы бала бакчаларга төмөндөгүдөй тайпаларды ачууга макулдук берилсин:

-“Бүбүкан апа”бала бакчасынына 40 балага 2тайпа -”Балаты- Нур”бала бакчасына 40 балага 2тайпа

- ”Куруучу” бала бакчасыны 40 балага 2 тайпа

2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.

Төрага

М. Чолпонкулов
