Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 „Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановления Кабинета Министров КР от 31 мая 2025 года № 302 "О средствах бюджетных учреждений, аккумулируемых на специальных и депозитных счетах в системе единого казначейского счета"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-05-31.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 570 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун "з" пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо: Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде эсепке алынуучу башка каражаттардын тизмегинде:
- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 28-пункттун "Ведомствонун аталышы" графасы "ТК, БӨКД" деген аббревиатуралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-50-пункттар менен толукталсын:
" Begin_nocompare
43
Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдарды каржылоого үлүштүк катышуудан түшүүлөр
СРК
44
Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн борбордук аппаратка чегерүүлөрү (Мамкурулуштун ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн иши казыналык эсеп системасына которулгандан кийин)
Мамкурулуш
Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери
45
СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү (СМБнын ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн иши бирдиктүү казыналык системасына которулгандан кийин)
СМБ
СМБнын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кирешелери
46
Жаныбарларды идентификациялоодон түшүүлөр (кулак биркаларын сатуу)
ВК
47
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында которуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр
КБ
48
Негизги капиталга инвестициялардын жана мамлекеттик казыналык милдеттенмелер тарабынан төлөнгөн капиталдык салымдарга сарптоолордун көлөмүнүн 2,9 пайызы өлчөмүндөгү түшүүлөр
СЧКД
49
ТКнын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чегерүүлөрү
ТК
ТКнын ведомстволук мекемелеринин кирешелери
50
Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө комбинациясы менен мамлекеттик каттоо номердик белгилерин ченемдик укуктук актыларда белгиленген өлчөмдө жана тартипте сатуудан түшкөн чегерүүлөр
ТКАКК МА
";
- кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"
СРК
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы
ВК
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат
Мамкурулуш
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
СМБ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору
ТК
-
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы
БӨКД
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти
КБ
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору
СЧКД
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы
ТКАКК МА
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
End_nocompare ".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин…Постановление · 31.05.2025 · № 302
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө"…Постановление · 29.09.2017 · № 626 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин…Постановление · 31.05.2025 · № 302
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 "Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө"…Постановление · 29.09.2017 · № 626 · Күчүн жоготкон