# 9-берене. Фонддун директорлор кеңешинин ишмердиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 9-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-9

---

1. Фонддун директорлор кеңеши ушул Мыйзамда жана анын уставында белгиленген өз компетенциясынын чегинде күн тартибине киргизилген маселелер боюнча өз жыйналыштарынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуу жолу менен Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон директорлор кеңешинин жыйналышынын кворуму мындай жыйналышка анын бирден көп эмес мүчөсүнүн келбей калышына жол берет. Эгерде анын бештен кем эмес мүчөсү добуш берсе, директорлор кеңешинин чечими кабыл алынды деп эсептелет.

2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө директорлор кеңешинин жыйналышынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алууга катышуудан тышкары Фонддун ишине кийлигишүүгө, ошондой эле Фонддун же анын директорлор кеңешинин атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө тыюу салынат. Директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

3. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына 1 жолудан кем эмес, ар бир календардык квартал аяктаган учурдан тартып, бир айдан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби, ошондой эле директорлор кеңешинин ишинин башка маселелери Фонддун уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-10)
