9-берене. Фонддун директорлор кеңешинин ишмердиги
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 2-глава
1. Фонддун директорлор кеңеши ушул Мыйзамда жана анын уставында белгиленген өз компетенциясынын чегинде күн тартибине киргизилген маселелер боюнча өз жыйналыштарынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуу жолу менен Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. Кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон директорлор кеңешинин жыйналышынын кворуму мындай жыйналышка анын бирден көп эмес мүчөсүнүн келбей калышына жол берет. Эгерде анын бештен кем эмес мүчөсү добуш берсе, директорлор кеңешинин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
2. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө директорлор кеңешинин жыйналышынын жүрүшүндө чечимдерди кабыл алууга катышуудан тышкары Фонддун ишине кийлигишүүгө, ошондой эле Фонддун же анын директорлор кеңешинин атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө тыюу салынат. Директорлор кеңешинин төрагасы Фонддун атынан эл алдында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
3. Фонддун директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына 1 жолудан кем эмес, ар бир календардык квартал аяктаган учурдан тартып, бир айдан кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби, ошондой эле директорлор кеңешинин ишинин башка маселелери Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>