# 6-берене. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 6-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-6

---

1. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) акционерлердин жалпы жыйналышы - Фонддун жогорку башкаруу органы болуп саналат. Эгерде Фонддун акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде болсо, Фондду башкаруунун жогорку органы болуп жалгыз акционер - Министрлер Кабинети саналат;

2) директорлор кеңеши - Фонддун ишине жалпы жетекчилик кылуучу жана Фонддун аткаруу органынын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу фонддун коллегиялуу органы;

3) башкарма - Фонддун аткаруучу органы болуп саналат, ал Фонддун учурдагы ишин түздөн-түз жетектейт. Ал жалгыз же коллегиалдуу болушу мүмкүн;

4) директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитет - Фонддун контролдоо органы болуп саналат.

2. Фонддун башкаруу жана контролдоо органдары өз ишин ушул Мыйзамга, Фонддун уставына жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитилүүчү башкаруу жана контролдоо органдары жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-7)
