# 5-берене. Фонддун капиталын түзүүнүн жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 5-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-5

---

1. Фонддун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Фонддун капиталы Фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө Фонддун жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.

3. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

4. Коммерциялык банктардын мамлекеттин менчигинде турган акцияларын Фондго өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугун алуу талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-6)
