# 4-берене. Фонддун укуктук статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855#diff=17466..34313>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 4-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-4

---

1. Фонд ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.

2. Фонддун акционери болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) эсептелет. Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

3. Фонддун акциялары мамлекеттик менчик болуп саналат жана Фонддун акцияларын фондулук биржада ачык сунуштоо жолу менен жана/же чет өлкөлүк фондулук биржада листинг менен Фонддун акцияларына болгон укукту күбөлөндүрүүчү глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен, бирок анын акцияларынын 20 пайызынан ашык эмес сунуштоодон тышкары, ээликтен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Фонддун акцияларынын листинги фондулук биржада жүргүзүлгөндөн кийин Министрлер Кабинети Фонддун акцияларынын ачык сунуштарына ылайык акцияларды сатып алууга укуктуу.

Министрлер Кабинети башка жактарга таандык болгон Фонддун акцияларын алар ээликтен ажыратылганда, артыкчылыктуу сатып алууга укуктуу.

5. Кыргыз Республикасы Фонддун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Фонд Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-5)
