# 3-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 3-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-3

---

1. Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Фондго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу жана анын андан ары капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуусу аркылуу алардын наркынын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылуу Фонддун ишинин максаты болуп саналат.

2. Фонд төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

1) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарда акционердин (катышуучу) функцияларын аткаруу, ошондой эле менчик укугунда же ишенимдүү башкаруу аркылуу Фондго таандык башка мүлктү башкаруу;

2) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

3) Фондго, ошондой эле Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарга ар кандай формада кошумча инвестицияларды тартуу жана тартууга көмөктөшүү;

4) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын жергиликтүү жана эл аралык фонддук рынокторго чыгуусун камсыз кылуу;

5) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;

6) алардын өздөрүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;

7) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу.

3. Фонд өнүктүрүү стратегиясына жана Фонддун жогорку башкаруу органынын чечимдерине ылайык башка милдеттерди ишке ашырат.

4. Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Фонддун уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-4)
