Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Фонддун максаттары жана милдеттери
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 1-глава
1. Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Фондго узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу жана анын андан ары капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуусу аркылуу алардын наркынын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүн камсыз кылуу Фонддун ишинин максаты болуп саналат.
2. Фонд төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарда акционердин (катышуучу) функцияларын аткаруу, ошондой эле менчик укугунда же ишенимдүү башкаруу аркылуу Фондго таандык башка мүлктү башкаруу;
2) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) Фондго, ошондой эле Фонддун тобуна кирген юридикалык жактарга ар кандай формада кошумча инвестицияларды тартуу жана тартууга көмөктөшүү;
4) Фонддун жана Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын жергиликтүү жана эл аралык фонддук рынокторго чыгуусун камсыз кылуу;
5) Фонддун туунду компанияларын өнүктүрүү стратегиясын түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
6) алардын өздөрүнүн туунду жана көз каранды компаниялары аркылуу тармактык мамлекеттик программаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына көмөк көрсөтүү;
7) Фонддун тобуна кирген юридикалык жактардын кадрдык потенциалын түзүү, өнүктүрүү жана башкаруу.
3. Фонд өнүктүрүү стратегиясына жана Фонддун жогорку башкаруу органынын чечимдерине ылайык башка милдеттерди ишке ашырат.
4. Фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>