# 20-берене. Фонддун резервдик фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 20-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-20

---

1. Фонддо анын уставында каралган өлчөмдө, бирок Фонддун уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпаган резервдик фонд түзүлөт.

2. Резервдик фонд Фонддун таза кирешесинен гана түзүлөт. Резервдик фонд Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин ар жылдык чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Ар жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмү Фонддун уставында каралат, бирок Фонддун уставында белгиленген өлчөмгө жеткенге чейин таза пайданын 5 пайызынан кем эмес болууга жана 15 пайызынан ашпоого тийиш.

3. Резервдик фонд Фонддун жана анын туунду компанияларынын күтүүсүз жоготууларын жабууга, ошондой эле Фонддун облигацияларын төлөөгө жана башка каражаттар жок болгон учурда Фонддун акцияларын сатып алууга арналган.

4. Резервдик фонд Фондду башкаруунун жогорку органы тарабынан белгиленген башка максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-21)
