# 19-берене. Фонддо жана анын тобуна кирүүчү туунду компанияларда стратегиялык башкарууну жана пландоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 19-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-19

---

1. Фонд өзүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө шайкеш келген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен алдыдагы үч жылга карата өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга, бекитүүгө жана жыл сайын жаңылап турууга тийиш.

2. Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Фонд өзүнүн үч жылдык өнүктүрүү планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.

Фондду өнүктүрүү планынын мазмунуна карата талаптар директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Фонддун тобуна кирген туунду компаниялар Фонддун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга өзүнүн иш чөйрөсүнүн чегинде тартышат. Фонддун тобуна кирген башка компаниялар өздөрүнүн башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык Фонддун стратегиясын иштеп чыгууга катышат.

3. Фонддун туунду компанияларында Фондду өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен үч жылдан кем эмес мөөнөткө өз стратегиялары жана өнүктүрүү пландары иштелип чыгууга, бекитилүүгө жана жыл сайын жаңыланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-20)
