# 18-берене. Фонддун жана анын туунду компанияларынын ири бүтүмдөрү жана бүтүмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 18-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-18

---

1. Фонддун ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык алардын башкаруу органдары тарабынан жактыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Фонддун туунду компанияларынын ири бүтүмдөрү ушул Мыйзамга, акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Фонддун уставына ылайык аларды жактыруу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.

2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын акционерлери жана кызмат адамдары жасоого кызыкдар болгон бүтүмдү түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда, эгер мындай бүтүм Фонддун кызыкчылыгында гана түзүлсө, ушул Мыйзамга ылайык добуш берүүгө катышат. Кызыкчылык туудурган бүтүмдү түзүү жөнүндө маалымат акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен ачыкка чыгарылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-19)
