# 17-берене. Фонддун товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 17-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-17

---

1. Фонддун жана анын туунду компанияларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Фонддун жана анын туунду компанияларынын сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жоболорун аткаруу үчүн жооптуу атайын түзүмдүк бөлүмдөрү болууга тийиш. Фонддун туунду компанияларындагы мындай түзүмдүк бөлүмдөр Фонддун сатып алуулардын бирдиктүү кызматы менен алмаштырылышы мүмкүн.

3. Фонддун директорлор кеңешинин бюджет жана аудит боюнча комитети Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан жүзөгө ашырылуучу ички ченемдердин жана сатып алуулар эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт жана контролдойт.

4. Фонд жана анын туунду компаниялары тарабынан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун тартиби жана талаптары сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн баа сунуштары жана сапаттык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон учурда ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө өтүнмөгө артыкчылык берүү боюнча шарттарды караштырууга тийиш.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-18)
