# 16-берене. Фонддун, Фонддун туунду жана көз каранды компанияларынын аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 16-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-16

---

1. Фонд бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык финансылык отчеттуулукту даярдайт.

2. Фонддун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн анын түзүмүндө бюджет жана аудит боюнча комитет түзүлөт, анын жеке курамы Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бир жылга (аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен) бекитилет. Бюджет жана аудит боюнча комитет Фонддун директорлор кеңешине отчет берет.

3. Фонддун жылдык финансылык отчеттуулугун текшерүү жана аныктыгын ырастоо үчүн жыл сайын көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлөт.

Тиешелүү каттоосу бар жана аудит жүргүзүүгө эл аралык бедели таанылган жана Фонд же анын уюштуруучуларынын мүлктүк кызыкчылыктары менен байланышпаган көз карандысыз аудитордук уюмду тандоо тартиби Фонддун директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.

4. Фонддун ар жылдык көз карандысыз тышкы аудитинин жыйынтыктары Фонддун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда каралууга тийиш.

5. Фонд ар жылдык көз карандысыз тышкы аудиттин жыйынтыктарын жыл сайын өзүнүн расмий интернет-сайтында жарыялайт.

6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Фонддун жана анын туунду компанияларынын дивиденддерин төлөө боюнча операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө гана Фонддун аудитин жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-17)
