# 14-берене. Фонддун Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 14-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-14

---

1. Министрлер Кабинети анын өзгөчө компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди өз убагында кабыл алууну камсыз кылуу, мамлекеттик органдар тарабынан Фонддун ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн бардык аракеттерине бөгөт коюу менен Фонддун уставдык максаттарына жетүүгө көмөктөшөт.

2. Министрлер Кабинети Фондду башкарууга төмөнкүлөр аркылуу гана катышат:

1) ушул Мыйзамга жана Фонддун уставына ылайык акционердин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;

2) Министрлер Кабинетинин саясий мамлекеттик кызмат адамдарынын Фонддун директорлор кеңешине мүчөлүгү.

3. Министрлер Кабинети Фондго жана анын туунду компанияларына ушул Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары башка артыкчылыктарды же жеңилдиктерди берүүгө укуксуз.

4. Ушул Мыйзамда жана Фонддун уставында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Фонддун жана анын туунду компанияларынын ыкчам (учурдагы) ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-15)
