# 13-берене. Фонддун корпоративдик катчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 13-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-13

---

1. Фонддун уставына ылайык Фонддун корпоративдик катчысы кызмат орду каралышы мүмкүн.

Корпоративдик катчы - бул директорлор кеңеши тарабынан шайлануучу Фонддун кызмат адамы, анын компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кирет:

1) Фонддун акционерлери, туунду компаниялар менен алардын өз укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча байланышуу;

2) Фонддун акционерлеринин (туунду компаниялардын) реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдоо;

3) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү;

4) Фонддун акционерлерин акционерлердин жалпы чогулушу боюнча материалдар менен камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кенешинин жыйындарынын материалдарын сактоону камсыздоо.

2. Корпоративдик катчынын иш чөйрөсү, ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери Фонддун уставында чагылдырылат, ошондой эле Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысынын башка милдеттери да каралышы мүмкүн.

Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысы жетектөөчү директорлор кеңешинин катчылыгын түзүү каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-14)
