13-берене. Фонддун корпоративдик катчысы
Күчүндө · 26.06.2025 редакциясы · 2-глава
1. Фонддун уставына ылайык Фонддун корпоративдик катчысы кызмат орду каралышы мүмкүн.
Корпоративдик катчы - бул директорлор кеңеши тарабынан шайлануучу Фонддун кызмат адамы, анын компетенциясына төмөнкүдөй маселелер кирет:
1) Фонддун акционерлери, туунду компаниялар менен алардын өз укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча байланышуу;
2) Фонддун акционерлеринин (туунду компаниялардын) реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча контролдоо;
3) акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү;
4) Фонддун акционерлерин акционерлердин жалпы чогулушу боюнча материалдар менен камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кенешинин жыйындарынын материалдарын сактоону камсыздоо.
2. Корпоративдик катчынын иш чөйрөсү, ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери Фонддун уставында чагылдырылат, ошондой эле Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысынын башка милдеттери да каралышы мүмкүн.
Фонддун уставында Фонддун корпоративдик катчысы жетектөөчү директорлор кеңешинин катчылыгын түзүү каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014855/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>