# 10-берене. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 10-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-10

---

1. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитет директорлор кеңешинин туруктуу иштеген көмөкчү органы болуп саналат, ал төмөнкү максаттар үчүн түзүлөт:

1) директорлор кеңешинин жыйналышына киргизиле турган маселелерди алдын ала талкуулоо жана анын чечимдеринин долбоорлору боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

2) Фонддун ишинде мындай саясаттын жана программалардын жоболорун эске алууга байланышкан маселелер боюнча тармактык саясатты жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу.

2. Фонддун директорлор кеңеши эки милдеттүү комитетти түзөт жана алардын ишин камсыздайт, алардын курамына директорлор кеңешинин үчтөн кем эмес мүчөсү кирет:

1) компетенциясына Фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу маселелери, контролдук иш-милдеттер, ошондой эле Фонддун ички контроль, инвестициялар жана дивиденддер жаатындагы саясатын түзүү жана колдонуу маселелери кирген бюджет жана аудит боюнча комитет;

2) компетенциясына туунду компаниялардын кадрлар резервин түзүү жана пайдалануу, алардын кызмат адамдары менен контракттарга карата талаптарды, анын ичинде аларды сыйлоо ыкмаларын, өлчөмүн жана тартибин, алардын жоопкерчилигинин келип чыгуу шарттарын жана анын формаларын иштеп чыгуу маселелери кирген кадрлар жана сый акылар боюнча комитет.

Фонддун директорлор кеңеши өзүнүн комитеттеринин иш жүргүзүүсү жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.

3. Директорлор кеңешине караштуу комитеттердин компетенциясына кирген маселелер боюнча Фонддун директорлор кеңеши анын тармактык комитетинин алдын ала корутундусу менен таанышкандан кийин чечим кабыл алат.

4. Фонддун директорлор кеңешине караштуу комитеттин сандык курамы үчтөн кем эмес жана бештен көп эмес мүчөдөн турат.

Фонддун директорлор кеңеши тарабынан чечимдерди кабыл алуунун сапаттык деңгээлин жогорулатуу максатында директорлор кеңешине караштуу комитеттерге мүчө катары адистиги комитеттин ишине ылайык келген эксперттер чакырылышы мүмкүн. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин чакырылган мүчөсү Фонддун кызмат адамы болуп саналбайт жана Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарына ээ эмес.

5. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин жеке курамы директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү бир эле учурда директорлор кеңешине караштуу экиден ашык комитеттин мүчөсү боло албайт.

6. Директорлор кеңешине караштуу комитеттин ишине директорлор кеңеши тарабынан дайындалган анын төрагасы жетекчилик кылат.

Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын ичинен директорлор кеңешинин мүчөсү кадрлар жана сый акылар боюнча комитеттин төрагасы болуп дайындалат, ал эми комитеттин мүчөсү милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга тийиш. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү гана Фонддун директорлор кеңешине караштуу бюджет жана аудит боюнча комитеттин төрагасы боло алат.

7. Фонддун жылдык бюджетинин алкагында Фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналбаган, директорлор кеңешине караштуу комитеттердин мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө үчүн каражаттар каралышы мүмкүн.

8. Директорлор кеңешине караштуу комитеттерди түзүүгө жана алардын ишине байланышкан башка маселелер Фонддун директорлор кеңешинин чечимдерине ылайык чечилет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-11)
