# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлу № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5402/edition/17466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014855/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө, 1-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун (мындан ары - Фонд) максаттарын жана милдеттерин, укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин, Фонддун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Фонддун жана акциялары Фонддун ишенимдүү башкаруусуна таандык болгон же өткөрүлүп берилген юридикалык жактардын укуктук абалынын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

2. Фондду түзүүнүн жана анын ишинин өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Фонд ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка атайын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, башка мыйзамдарын жана Фонддун ички документтерин жетекчиликке алат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014855/st-2)
