# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 587 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо операторун аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 587 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо операторун аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 587
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014843>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33052/edition/17458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014843.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 587 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо операторун аныктоо жөнүндө" токтому (27.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014843

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 27-сентябры № 587 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо операторун аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 "Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында отунду милдеттүү маркалоону киргизүү" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жактырылсын.

2. "Учкун" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында отунду милдеттүү маркалоону киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөш болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте кызыкдар тарап болгон "НАНОЛУМИ Пте. Лтд." менен "долбоордук кумкоргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун.

4. "Учкун" ачык акционердик коому отунду маркалоо оператору болуп аныкталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий www.gov.kg сайтында 2024-жылдын 30-сентябрында жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
