# КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 590
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33050/edition/17445/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590 "Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (27.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014835

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-сентябры № 590

Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө

Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Академиялык кредиттерди колдонуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо жөнүндө жобо 3-тиркеме ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун алтынчы жана он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун ченемдери жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу үчүн төмөнкүлөргө колдонулат деп белгиленсин:

- 2025-2026-окуу жылынын биринчи курсунун студенттерине;

- кийинки окуу жылдарында окууга кабыл алынган студенттерге.

4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 77 (3631) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
