# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында жайгашкан жер участокторун "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында жайгашкан жер участокторун "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 593
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33049/edition/17438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында жайгашкан жер участокторун "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (27.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014832

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-сентябры № 593

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында жайгашкан жер участокторун "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында тоо-лыжа комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 27-декабрындагы № 46, № 47 чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигиндеги жалпы аянты 50 га жер участоктору, анын ичинде: № 6 (4,2 га), № 16 (3,7 га), № 19 (0,8 га) контурлардагы 8,7 га жайыт жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан № 1 (0,1 га), № 2 (0,2 га), № 3 (0,4 га), № 4 (0,7 га), № 8 (9,3 га), № 9 (8,2 га), № 10 (3,2 га), № 11 (1,9 га), № 12 (12,1 га), № 15 (0,4 га), № 16 (4,8 га) контурлардагы 41,3 га жайыт "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- айыл чарба багытындагы жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу пайдаланууну;

- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- жер участокторунун менчик ээлерине/жерди пайдалануучуларга карата жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аларды сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-октябрындагы № 77 (3631) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
