Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 588 токтомуна)
Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип саламаттык сактоонун мамлекеттик жана (же) муниципалдык уюмдарынын соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертизалар бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары - КЖПК), Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) талаптарына ылайык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү эрежелерин белгилейт.
2. Саламаттык сактоонун мамлекеттик психиатриялык уюмдарында жана (же) муниципалдык уюмдарында жүргүзүлүүчү соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертизалар "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана соттук экспертизаларды жүргүзүү тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Экспертиза тергөө органдары жана соттор үчүн жүргүзүлөт.
3. Экспертиза эксперттер тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде жана соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө квалификациясын ырастаган компетенттүүлүк сертификаты болгондо жүргүзүлөт.
4. Саламаттык сактоонун мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмунун же муниципалдык уюмунун жетекчиси соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алганда аны жүргүзүүнү берилген суроолорго жооптор үчүн талап кылынган көлөмдө атайын билимге ээ болгон конкреттүү экспертке же эксперттер комиссиясына тапшырат.
5. Эксперттер өздөрүнүн атайын билимдерине ылайык жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде өзүнүн атынан корутундуну берет.
2-глава. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү
6. Экспертизаны дайындоо жөнүндө соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун токтому же аныктамасы экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
7. Стационардык экспертизаны дайындоодо камакка алынбаган шектелгенди же айыпталуучуну психиатриялык стационарга (эксперттик бөлүмгө) жайгаштырууга соттун чечиминин негизинде гана жол берилет.
8. Экспертизага жиберилген адамдын психиатриялык стационарда (эксперттик бөлүмдө) болуу мөөнөттөрү 30 календардык күнгө чейин аныкталат, ал эми бул мөөнөттөрдү узартуу экспертизаны дайындаган орган тарабынан эксперттик комиссиянын жазуу жүзүндөгү, негизделген өтүнүч каты боюнча белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 7 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
9. Экспертизаны дайындаган орган же адам экспертке (эксперттер комиссиясына) изилдөөлөр үчүн объекттерди жана материалдарды берет. Бетме-бет экспертизаларды жүргүзүүдө экспертиза дайындалган адам экспертизаны дайындаган органдын же адамдын күчү жана каражаттары менен эксперттик уюмга жиберилет.
10. Соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмга келип түшкөн экспертизаны дайындоо жөнүндө токтому же аныктамасы экспертизаларды каттоо журналына токтоосуз катталат.
11. Кошумча жана кайталанган экспертизалар КЖПКда, КЖКда, ЖПКда каралган негиздер боюнча дайындалат.
12. Кошумча экспертизаны жүргүзүү эксперттердин ошол эле же башка комиссиясына тапшырылат. Кайталанган экспертизаны жүргүзүү эксперттердин башка комиссиясына тапшырылат.
13. Зарыл болгон учурда эксперттер комиссиясы экспертизаны дайындаган органга же адамга эксперттик изилдөө үчүн кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч бере алат. Эгерде өтүнүч 30 календардык күн ичинде канааттандырылбаса, эксперттик маселелер эксперттер комиссиясынын карамагында болгон материалдар буга мүмкүндүк бергендей деңгээлде чечилет же алар аткарылбастан кайтарылып берилет.
14. Адамдын акыл-эсинин жайындалыгы маселелери боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү үчүн үчтөн кем эмес эксперт дайындалат.
15. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар амбулаториялык, стационардык, каза болгондон кийинки экспертиза түрүндө жүргүзүлөт.
Амбулаториялык экспертиза - экспертизадан өтүүчү адамды бир жолку бетме-бет текшерүү. Стационардык экспертиза динамикада психикалык абалга бир кыйла узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү, психикалык бузулууларды дифференциалдык диагностикалоо үчүн, пароксизмалдуу абалдын мүнөзүн жана мезгилдүүлүгүн аныктоо, инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн экспертизадан өтүүчү адамда психикалык бузулуулардын баштапкы же өчүп жок болгон түрлөрү бар учурларда (изилдөө учурунда же укукка жат жосундарды жасоо учурунда) жүргүзүлөт. Сырттан соттук-психиатриялык экспертиза күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, медициналык документтердин, мүнөздөмөлөрдүн жана пикирлердин негизинде экспертизадан өтүүчү адамды жеке кароосуз жүргүзүлөт. Каза болгондон кийинки экспертиза күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, медициналык документтердин, мүнөздөмөлөрдүн, пикирлердин негизинде, ошондой эле төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
1) бир тектүү амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар. Бир тектүү экспертиза бир адистиктин өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт;
2) комплекстүү амбулаториялык соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза. Комплекстүү экспертиза ар түрдүү адистиктеги адистер тарабынан психикалык артта калуу фактысын жана даражасын, алардын инсандын жүрүм-турумуна тийгизген таасирин аныктоо үчүн инсанды көп факторлуу изилдөө талап кылынган учурда жүргүзүлөт. Комплекстүү соттук-психиатриялык экспертизалар соттук медиктердин катышуусу жана башка багыттагы адистерди тартуу менен да дайындалат;
3) бир тектүү стационардык соттук-психиатриялык экспертиза;
4) комплекстүү стационардык соттук-психиатриялык, психологиялык-психиатриялык экспертиза.
16. Амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаны жүргүзүү эксперттер же эксперттер комиссиясы аларга берилген изилдөө объекттерин жана иштин материалдарын изилдеген учурдан тартып башталат.
17. Стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү бул экспертиза жүргүзүлүп жаткан адам стационардык шарттарда психиатриялык жардам көрсөтүүчү медициналык уюмга жайгаштырылган учурдан тартып башталат.
18. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү үч этапты камтыйт:
1) психикалык бузулуу диагнозун жана анын нозологиялык таандыктыгын белгилөө; экспертизадан өтүүчү адамдын методикалык тапшырмаларды жана тесттерди аткаруусу (биринчи этап);
2) эксперттик маселелерди чечүү максатында табылган психикалык бузулууну соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык баалоо; изилдөөнү жүргүзүү учурунда бардык алынган натыйжаларды кароо жана иштеп чыгуу жана аларды чечмелөө (экинчи этап);
3) сот, судья, тергөө судьясы, тергөөчү тарабынан берилген суроолорго жоопторду камтыган корутундуну даярдоо (үчүнчү этап).
19. Амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этаптары амбулаториялык соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизалар башталган күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирилбестен аяктайт.
Аталган мөөнөткө экспертке же эксперттер комиссиясына кошумча материалдарды берүүгө кеткен убакыт (эксперттин же эксперттер комиссиясынын өтүнүч каты боюнча) жана экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамдын өз убагында келбегендигинен улам эксперттик изилдөөнү жылдырууга байланышкан убакыт кирбейт.
20. Стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамга стационардык шарттарда өтө шашылыш жана кечиктирилгис формаларда адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө токтотула турушу мүмкүн.
21. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн үчүнчү этабы сот, судья, тергөө судьясы, тергөөчү берген суроолорго жоопторду камтыган корутундуну даярдоону камтыйт.
22. Изилдөөнү жүргүзгөн эксперт же эксперттер бир дагы эксперттик суроого жооп бере албаган учурларда, бардык эксперттик суроолорго жооп берүүнүн мүмкүн эместиги фактысын констатациялоо менен катар эксперт же эксперттер комиссиясы бул маселелердин башка шарттарда чечилиши мүмкүн экендигин да көрсөтүүгө милдеттүү.
23. Корутунду соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүүнүн биринчи жана экинчи этабы аяктагандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.
24. Комплекстүү соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, психологиялык-психиатриялык экспертизаларды жүргүзүүгө катышкан эксперттердин корутундусунда ар бир эксперттин кандай изилдөөлөрдү жана кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү, кандай фактыларды белгилегендиги жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлөт. Комплекстүү экспертизаны жүргүзүүгө катышкан ар бир эксперт корутундунун өзү жүргүзгөн изилдөөлөрдүн сыпаттамасын камтыган бөлүгүнө кол коет жана ал үчүн жоопкерчилик тартат.
Алынган натыйжаларды баалоого жана ушул тыянакты түзүүгө компетенттүү эксперттер тарабынан жалпы тыянак чыгарылат. Эгерде бир же бир нече эксперттер тарабынан белгиленген фактылар жалпы тыянактын негизи болуп саналса, бул корутундуда көрсөтүлүүгө тийиш. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон учурда алардын ар бири же башкалар менен макул болбогон эксперт өзүнчө корутунду берет.
25. Корутундуга эксперт же эксперттер комиссиясы кол коет жана экспертиза жүргүзгөн уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
26. Корутунду 2 нускада түзүлөт, анын биринчиси экспертиза дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, ал эми экинчиси экспертиза жүргүзгөн уюмда калат.
27. Иштин материалдары экспертиза дайындаган органга (жакка) корутунду менен кошо кайтарылып берилет.
28. Иштин материалдарын кайтарып берүүнүн башка тартиби экспертиза дайындаган органдын (жактын) суроо-талабынын жана экспертиза жүргүзгөн уюмдун жетекчисинин тиешелүү чечиминин негизинде гана болушу мүмкүн.
Амбулаториялык соттук-психиатриялык жана наркологиялык экспертиза медициналык уюмдун амбулаториялык соттук-психиатриялык жана наркологиялык экспертиза бөлүмүндө жүргүзүлөт. Камакка алынбаган адамдар үчүн стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүү медициналык уюмдун стационардык соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүндө жана камакка алынган адамдар үчүн стационардык соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүндө ишке ашырылат.
3-глава. Мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмдун жетекчисинин милдеттери жана укуктары
29. Мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмда экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу ушул уюмдун жетекчисине жүктөлөт. Мамлекеттик психиатриялык жана наркологиялык уюмдун жетекчиси (мындан ары - жетекчи) ведомствого караштуу уюмда экспертизаларды уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан өзүнүн милдеттеринин жана укуктарынын бир бөлүгүн соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертиза бөлүмүнүн жетекчисине (башчысына) өткөрүп берүүгө укуктуу.
30. Жетекчи төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алгандан кийин аны жүргүзүүнү коюлган суроолорго жооп берүү үчүн талап кылынган деңгээлде атайын билими бар ушул уюмдун эксперттик комиссиясына тапшырууга;
2) экспертиза жүргүзүү алдында эксперттин укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;
3) эксперттерден тергөө материалдарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол тамга алууга;
4) экспертиза дайындаган органдын же жактын тапшырмасы боюнча экспертке атайылап жалган корутунду бергендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө эскертүүгө, андан тиешелүү кол тамга алууга жана аны эксперттин корутундусу менен бирге экспертиза дайындаган органга же жакка жөнөтүүгө;
5) эксперттин көз карандысыздык принцибин бузбастан, экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрүнүн сакталышын, өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн толуктугун жана сапатын контролдоону камсыз кылууга;
6) изилдөөлөр аяктагандан кийин экспертиза дайындаган органга же жакка эксперттер комиссиясынын корутундусун жиберүүгө, ошондой эле ошол жакка же органга иштин материалдарын жана эксперттин (эксперттер комиссиясынын) карамагына берилген бардык башка материалдарды жана изилдөө объекттерин кайтарып берүүгө;
7) изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын купуялуулугун сактоо үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылууга жана экспертизаны уюштурууга жана жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын чектеши мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
8) эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылууга.
31. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертизанын бул бөлүмүндө тийиштүү адистиктеги эксперт, зарыл материалдык-техникалык база же изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн атайын шарттар жок болсо, коштомо катта кайра кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен, иштин материалдарын жана аны жүргүзүү үчүн берилген изилдөө үчүн объекттерди экспертиза дайындоо жөнүндө соттун, судьянын, тергөөчү судьянын, тергөөчүнүн, прокурордун токтомун же аныктамасын аткарбастан кайтарып берүүгө;
2) экспертиза дайындаган органга же жакка мамлекеттик психиатриялык уюмдун соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертиза бөлүмүндө иштебеген адамдарды, эгерде корутунду берүү үчүн алардын атайын билими зарыл болсо, эксперттик комиссиянын курамына киргизүү тууралуу өтүнүүгө;
3) соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомунда же аныктамасында көрсөтүлгөн башка уюмдардын катышуусу менен экспертиза жүргүзүүнү уюштурууга;
4) ага ыйгарылган эксперттик квалификацияга ылайык соттук эксперт катары чыгууга.
32. Жетекчи төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) мамлекеттик психиатриялык уюмдарда болгондорду кошпогондо, соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун экспертизаны дайындоо жөнүндө токтому же аныктамасы жок экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон объекттерди жана материалдарды талап кылууга;
2) экспертиза дайындаган орган же жак менен макулдашпастан аны жүргүзүүгө ушул мамлекеттик психиатриялык уюмдун соттук-психиатриялык жана соттук-наркологиялык экспертиза бөлүмүндө иштебеген адамдарды өз алдынча тартууга;
3) экспертке конкреттүү экспертиза боюнча тыянактардын мазмунун алдын ала аныктаган көрсөтмөлөрдү берүүгө.
4-глава. Психиатр, нарколог, психолог эксперттердин милдеттери жана укуктары
33. Эксперттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жетекчи тарабынан ага тапшырылган экспертизаны өндүрүшкө кабыл алууга, экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон ага берилген материалдарды толук изилдөөгө, анын ичинде экспертизага жиберилген адамга зарыл болгон изилдөө жүргүзүүгө (бетме-бет экспертизада) жана анын алдына коюлган суроолор боюнча негиздүү жана объективдүү корутунду берүүгө;
2) эгерде коюлган суроолор эксперттин атайын билиминин чегинен чыкса, илимдин өнүгүшүнүн азыркы деңгээли коюлган суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк бербесе, изилдөө объекттери жана иштин материалдары жараксыз же жетишсиз болсо, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн аларды толуктоодон баш тартылса, корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү жазуу жүзүндөгү билдирүү түзүүгө жана аны экспертиза дайындаган жакка же органга жиберүүгө;
3) дайындалып жаткан, дайындалган же буга чейин жүргүзүлгөн экспертизага байланыштуу процессуалдык мыйзамда каралган учурларда соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун чакыруусу боюнча келүүгө;
4) процессуалдык мыйзамдарда каралган негиздер болгон учурда жетекчиге өзүнүн баш тартуусун билдирүүгө;
5) берилген изилдөө объекттеринин жана экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдардын сакталышын камсыз кылууга;
6) экспертиза жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарын чектеши мүмкүн болгон маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик, врачтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
7) кылмыш ишине эксперт катары катышкандыгына байланыштуу ага белгилүү болгон сотко чейин өндүрүш маалыматтарын ачыкка чыгарбоого, эгерде экспертке бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген тартипте тергөөчү же прокурор тарабынан алдын ала эскертилген болсо.
34. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ага тапшырылган экспертизанын предметине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга;
2) ага корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүүнү өтүнүүгө;
3) эгерде изилдөө жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн зарыл болсо, экспертиза жүргүзүүгө башка эксперттерди тартуу зарылдыгы жөнүндө жетекчиден өтүнүүгө;
4) соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен процессуалдык аракеттерге катышууга жана бул аракеттердин катышуучуларына экспертизанын предметине тиешелүү суроолорду берүүгө;
5) соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомунда же аныктамасында коюлбаган, бирок эксперттик изилдөөнүн предметине тиешеси бар маселелер боюнча өз компетенциясынын чегинде корутунду берүүгө;
6) сот өндүрүшүнүн катышуучулары анын корутундусун же көрсөтмөлөрүн туура эмес түшүнгөндүгү жөнүндө тергөө аракетинин же сот отурумунун протоколуна киргизилүүгө тийиш болгон билдирүү жасоого;
7) соттун, судьянын, тергөө судьясынын, тергөөчүнүн, прокурордун анын укуктарын чектеген аракетине (аракетсиздигине) жана чечимине даттанууларды жазууга;
8) анын пикири жалпы корутунду менен дал келбесе, өз алдынча, өзүнчө корутунду берүүгө.
35. Эксперттер төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
1) мамлекеттик психиатриялык уюмдарда болгондорду кошпогондо, экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон изилдөө объекттерин жана материалдарды өз алдынча чогултууга;
2) мамлекеттик эмес эксперт катары соттук-эксперттик иш жүргүзүүгө;
3) экспертизаны дайындаган органга же жакка билдирбестен, жүргүзүлүп жаткан экспертизага тиешелүү маселелер боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;
4) эгерде бул эксперттин иштин натыйжасына кызыкдар эместигине шек туудурса, сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен жеке байланыш түзүүгө;
5) экспертизанын натыйжалары жөнүндө, аны дайындаган органдан же жактан башка кимдир-бирөөгө билдирүүгө.
36. Тирүү адамга экспертиза жүргүзүүгө ал дайындалганга чейин аталган адамга медициналык жардам көрсөткөн врач катыша албайт. Бул чектөө адамды түздөн-түз изилдебестен жүргүзүлүүчү соттук-психиатриялык экспертизада да колдонулат.
37. Эксперт экспертиза жүргүзгөн адамдан ошол экспертизанын предметине тиешеси жок маалыматтарды алгандыгы боюнча суракка алынышы мүмкүн эмес. Корутундуну бергенге чейин экспертти суракка алууга жол берилбейт.
38. Эксперт ага жүктөлгөн эмгектик милдеттерди анын күнөөсү боюнча аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, анын ичинде экспертиза жүргүзүү тартибин бузгандыгы жана эксперттин милдеттерине башкача ак ниетсиз мамиле жасагандыгы үчүн жетекчи ага эмгек мыйзамынын негизинде тартиптик жаза чараларын колдонууга укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Соттук-эксперттик иш жөнүндөЗакон · 24.06.2013 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябры № 588 "Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартибин…Постановление · 27.09.2024 · № 588
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон