# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябры № 588 "Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябры № 588 "Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33046/edition/17427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябры № 588 "Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (27.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014822

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-сентябры № 588

Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык, соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Соттук-психиатриялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психологиялык экспертизаларды жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
