1-берене
Күчүндө · 30.09.2024 редакциясы
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) отуз тогузунчу абзацта "60" деген цифралар "55" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) элүү алтынчы абзацта "электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу" деген сөздөр "электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-берененин 5-бөлүгүндөгү ", анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн жаза өтөп жаткан жарандарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
3) 4-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 12-берененин 21-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацтагы ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацтагы ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочуларды" деген сөздөр алып салынсын;
5) 17-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.";
б) 21-бөлүгүндө:
- 1-пунктта "Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктта "мекеменин," деген сөз алып салынсын;
6) 22-беренеде:
а) 2-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында турган шайлоочуларга маалымдоо шайлоо комиссиялары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.";
б) 22-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалымат материалдары сурдокотормо же субтитр колдонуу менен укма, көрмө форматтарда (санариптик алып жүрүүчүлөрдө), окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылууга, ошондой эле Брайль шрифтин жана (же) текст файлдарын үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүү болгон компьютер программалары орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды), ошондой эле башка атайын каражаттарды пайдалануу менен даярдалууга тийиш.";
7) 33-берененин 1-бөлүгүндөгү ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар" деген сөздөр алып салынсын;
8) 48-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- биринчи сүйлөмдө "шайлоону" деген сөз "мөөнөтүнөн мурда шайлоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөм алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда, Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдө дайындайт.";
9) 49-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт" деген сөздөр "шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.09.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230014819/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>