# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5401/edition/17422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014819

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 30-сентябры № 167 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819/st-1)

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

а) отуз тогузунчу абзацта "60" деген цифралар "55" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) элүү алтынчы абзацта "электрондук шайлоо бюллетенин пайдалануу" деген сөздөр "электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенин пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-берененин 5-бөлүгүндөгү ", анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн жаза өтөп жаткан жарандарды кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;

3) 4-берененин 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 12-берененин 21-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацтагы ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар" деген сөздөр алып салынсын;

б) экинчи абзацтагы ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочуларды" деген сөздөр алып салынсын;

5) 17-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси.";

б) 21-бөлүгүндө:

- 1-пунктта "Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;

- 3-пунктта "мекеменин," деген сөз алып салынсын;

6) 22-беренеде:

а) 2-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында турган шайлоочуларга маалымдоо шайлоо комиссиялары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жүзөгө ашырылат.";

б) 22-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалымат материалдары сурдокотормо же субтитр колдонуу менен укма, көрмө форматтарда (санариптик алып жүрүүчүлөрдө), окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылууга, ошондой эле Брайль шрифтин жана (же) текст файлдарын үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүү болгон компьютер программалары орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды), ошондой эле башка атайын каражаттарды пайдалануу менен даярдалууга тийиш.";

7) 33-берененин 1-бөлүгүндөгү ", анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган шайлоочулар" деген сөздөр алып салынсын;

8) 48-беренеде:

а) 2-бөлүктө:

- биринчи сүйлөмдө "шайлоону" деген сөз "мөөнөтүнөн мурда шайлоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи сүйлөм алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда, Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдө дайындайт.";

9) 49-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт" деген сөздөр "шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819/st-2)

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819/st-5)

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "Эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230014819/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 01-октябрындагы № 75 (3629) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 19-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
