# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2357-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15829/edition/17417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014817.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтому (14.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014817

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 489-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому 2024-жылдын 18-сентябры № 2357-VII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелер бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.А. Азыгалиев
