# Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 172/33-28 "Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн "Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 172/33-28 "Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн "Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172/33-28
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-33042/edition/17414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014815.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 12-августундагы № 172/33-28 "Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн "Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө" токтому (12.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014815

---

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын XXXIII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 12-августу № 172/33-28

Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн «Орловка шаарынын турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 66-беренесинин негизинде Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарбанын бардык функциялары «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

2. Орловка шаарынын мэриясынын турак-жай коммуналдык чарбасынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

3. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага мэриянын турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча бардык материалдык ресурстарды «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүү боюнча иш-чара өткөрүү тапшырылсын ( мындан ары турак-жай коммуналдык чарба).

4. Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага 2 жумалык мөөнөттө Орловка шаарынын мэринин бекитүүсүнө «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын штаттык тизмесин жана түзүмүн даярдоо тапшырылсын.

5. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.

6. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы 2024-жылга бекитилген бюджетке ылайык иш алып барсын.

7. «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын иши 2024-жылдын 1-сентябрына белгиленсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жана «Орловка шаарынын турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.

Төрага

М.И.Токтакунов
