# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 279 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 279 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 279
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10706/edition/17415/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 279 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (01.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014813

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 1-октябры ПЖ № 279 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Кувандыкова Наргиза Тураровна 2024-жылдын 30-сентябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
