# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 590-р
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19314/edition/17400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230014805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 590-т (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жер казынасын пайдалануу укугу берүү жөнүндө) тескемеси (27.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014805

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 27-сентябры № 590-т Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:

1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 1-тиркемеге ылайык;

2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин 2-тиркемеге ылайык.

2 Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентинин жана Министлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Көк-Суу" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Y

1

13399330

4390407

2

13395743

4388240

3

13394855

4382369

4

13376876

4374535

5

13383633

4386500

6

13397800

4392025

Аянты 14155,7 га

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан "Ак-Босого" алтын аянтында геологиялык-издөө иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер

Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары

Чекиттер №

X

Ү

1

13348562

4403381

2

13356672

4414221

3

13359217

4415276

4

13367921

4406957

5

13357447

4399589

6

13351936

4399636

Аянты 16843,4 га
