Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2025 года № 41 "Об утверждении Положения о порядке управления схемами и границами избирательных округов и избирательных участков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-сентябры № 117
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-августундагы №158 Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу” токтомуна (КР БШКнын 2021-жылдын 29-августундагы № 657 токтомунун редакциясына) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “ Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жободо:
- 3-пункттагы "округдук аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан иштелип чыккан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттун биринчи абзацындагы "өкүлдөрдүн катышуусу менен" деген сөздөр "сунуш боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:“Шайлоо округдары калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.”;
- 9-пункттун 1-пунктчасындагы "10" деген сан "15" деген санга, "15" деген сан "20" деген санга алмаштырылсын, “ченеминен” деген сөздөн кийин “, эреже катары,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 15 жана 16-пункттардагы "2500" деген сандар "3000" деген сандарга алмаштырылсын;
- 16-пункттагы "участогунда" деген сөздөн кийин ", эреже катары," деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:"Шайлоо участкаларынын тизмеси жана алардын чек аралары аларды түзүү үчүн каралган тартипте аймактык шайлоо комиссияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча такталууга жатат.";
- 17-пунктунун экинчи абзацындагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана…Постановление · 28.07.2025 · № 41
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын…Постановление · 20.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана…Постановление · 28.07.2025 · № 41
- "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 02.08.2024 · № 158
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 "Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын…Постановление · 20.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2021-жылдын 29-августу № 657 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 29.08.2021 · № 657 · Күчүн жоготкон