# Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 267/38-8 "Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 267/38-8 "Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 267/38-8
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32996/edition/17354/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 267/38-8 "Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө" токтому (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014759

---

ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXVIII сессиясынын

2024-жылдын 13-сентябры № 267/38-8

Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгы жана Талас шаарынын мэриясынын 11.09.2024-жылдагы №01-19/2600 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын мэриясынын алдында “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2. “Талас-жылуулук” муниципалдык ишканасынын 2024-2025-жылга карата жылытуу төлөмдөрүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти тарабынан бекитилген тарифтин негизинде жүргүзүлсүн.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.

Төрага

К. Джаныбеков
