# Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/9
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32983/edition/17340/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 24/9 "Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө" Токтому (28.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014745

---

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2024-жылдын 28-августу №24/9

Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга берилген жерлерден кошумча каражат түшүрүү максатында Дөбөлү айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Дөбөлү айыл аймагынын Кайыңды, Таш-Башат айылдарындагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга кеткен жерлерди жергиликтүү тургундар пайдаланып жаткандыгына байланыштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча каражат түшүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына төрт тармак боюнча тиешелүү акча каражатын чогултууга маакулдук берилсин.

2. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасы айыл аймактардан тиешелүү акча каражаттарын чогултуу боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

К. Субанбеков
