# Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 45 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 45 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230014734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-32973/edition/17330/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 45 "Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому (15.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230014734

---

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

2024-жылдын 30-июлу № 45

Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө

(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүчүн айылдык кенеш карап, талкуулап; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.

2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга – 150сом

Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түтүнгө- 100 сом Той-кана, соода борборлорго 1айга-2000сом Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1жумага -200 сом Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго (бак суугарып ж.б) жана таштандыларды ыргыткандарга штраф 5000сом

(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.

Төрага

Т.У.Джапаркулов
