Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин «Милициянын аймактык пункту жөнүндө» токтому
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 34
Милициянын аймактык пункту жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, милициянын кызматкерлерине шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 укук бузууларды алдын алуунун негизиндери жөнүндөгү мыйзамынын 10-берененин 2-пуктун жеткечиликке алып, талкуулап айылдык кеңеш; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин кайрылуусу канааттандырылып, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктун капиталдык оңдоп-түзөөгө, жаңы эмеректери, темир сейф, жылыткыч, концелярдык иш-кагаздарын, кошумча оргтехника; компьютер, сканерлүү принтер алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага
Т.У.Джапаркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 60